ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Маматалиев Марлен Абдырахманович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Фархат Иминовдун ордуна келди.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу