Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго: «Депутат болуу сиз үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуубу?»

Исхак Пирматов деген эл өкүлүбүз бар. 2008-2010-жылдары «Кыргызнефтегаз» ишканасын жетектеп турган маалда баасы 30 сомдук бензинди 8-9 сомго сатып, ал эми сатып алынуучу нерселерди өз баасынан бир нече эсеге кымбат, тагыраагы 10 сомдук товарды 50 сомго сатып алып турган деп айыптап чыгышкан. Мына ушундай «махинация» менен ишканадан 252 миллион сом каражатты кымтып алып, сызга отургузуп кеткени ММКлар аркылуу коомчулукка белгилүү болгон эле. Ага ошол кездеги башкы прокурор Салянова иш козгоп, жеңин түрүнүп депутаттардан кол тийбестигин алуу талабын коюп, жакшы эле чамынгандай болгон. Бирок, дым-дым болду да, калды унутулуп… Ошол кезде депутат Өмүрбек Текебаев Пирматовду мыш кылып, «эми эркек болсоң, өз абийриң менен мандатыңды тапшырып кете бер» десе, Исхак мырза кете алган эмес. Ошондон тарта «Кыргызнефтегаздагы» былыктары суу бетине калкылдап чыга баштады. Бирок баарынан кызыгы, Пирматовдун кызматын кыянаттык менен пайдаланып, коррупцияга беш колун тең салып, мамлекетке келтирген чыгашасы Түлеевдикинен эки эсеге ашып түшсө дагы Алтынбек Сулайманов баш болгон, калгандары төш болгон эл өкүлдөрү кол тийбестигинен ажыратпай, ага чаң жугузбай канаттарынын астында калкалап калышкандыгы болду. Азыр да бакандай депутат болуп мандат кучактап олтурат. —Исхак Айтбаевич, депутат болуп мандат алуу сиз үчүн мамлекетке кызмат кылуубу же кылмыш жоопкерчилигинен качуубу? Мамлекетке келтирген 252миллион сом чыгашаны өз абийириңиз менен төлөп берүүгө кудуретиңиз жетеби? Же дагы эл өкүлдөрүнүн этегинде корголоп жүрүп, бул чакырылыштан аман-эсен чыгасызбы?

Камчы Кадыров

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу