ЖК комитети элчиликтерге сунушталган талапкерлерди карайт

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо копсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин, Орусияга Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлигин,  Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын талапкерлигин, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын талапкерлигин карайт. Бул талапкерлерди Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» билдиргендей, бул мамлекеттерге татыктуу талапкерлер көрсөтүлдү. Алсак, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине көрсөтүлүп жаткан Канайым Бактыгулова кыргыз-кытай мамилесин жакшы түшүнөт. Ал буга чейин да элчи болуп иштеген.

Ошондой эле Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине талапкерлиги сунушталып жаткан Динара Кемелова да эл өкүлүнүн пикиринде татыктуу талапкер.

Айта кетсек, Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчи болуп иштеген. Ал 2018-жылдын 4-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен   кызматтан алынган.

Ал эми Орусияга элчиликке талапкерлиги сунушталып жаткан Аликбек Жекшенкулов 2005-2007-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министри болгон.

АКШдагы элчиликке сунушталып жаткан Болот Отунбаев 2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жатат.

Түштүк Кореядагы элчиликке сунушталып жаткан Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары.

Булак: Марал

Аргумент.kg
Жооп калтыруу