ЖК комитети Жээнбек Кулубаевди Казакстанга элчи кылып дайындоону колдоду

Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындоону сунуш кылып, аны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Кулубаевди Кытайга элчи кылып дайындоо жакшыраак болмок» деген оюн айтып, бирок анын талапкерлигине эч каршылыгы жок экенин кошумчалады. Натыйжада комитет Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Учурда ал Тышкы иштер министрлигинде Азия жана Африка боюнча департаментин жетектейт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу