ЖК депутаты Талант Мамытов, Сапар Исаковдун “саясый өлүктөр” деген сөзү менен бетке чапты

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

ЖК депутаты Талант Мамытов, “Атиштерге 10 эсе ашыкча баалар коюлуп жатат. Ошондуктан уялыш керек деп ойлоймун. Саясый жана кызматтык этиканы сакташ керек эле. Жакынкы учурда «ал же бул жооп берсин” деген сөздөр чыкты. 2017-жылы 10-майда мурдагы Өкмөт башчы кышка даярдык боюнча токтом чыгарган. Сапар Исаков күздө кызматка келген, «учурда биз күнөөлүү эмеспиз» деп атканы туура эмес. Ал 25-августа кызматка келип атат. Эгерде президент коррпуциягы каршы күрөш жургүзбөсө, булардын баардыгы «бармак басты, көз кысты» болуп калмак. Күнөөлүү адамдарды жаза тартуу керек, жеген адамдарды элдин эсебинен эмес өздөрүнөн төлөтүш керек”, –деди депутат.

Ага жооп катары Сапар Исаков, “Бул көйгөй башталганда мен элдин алдында кечирим сураганмын. Сиз айтып атасыз, мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин. Баарын изилдеш керек”, — деди мурдагы Өкмөт башчы.

ЖК депутаты Талант Мамытов, Сапар Исаковдун “саясый өлүктөр” деген сөзү менен бетке чапты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу