ЖК депутаты Иса Өмүркулов өлкөнү таштап чыгып кеттиби?

Кыргызстандагы учурдагы эмес, дегеле саясый кырдаал олку-солку болуп, кырдаал ыйкы-тыйкы салып, бул бийликке нараазы болгондор Кой-Таш тарапка ыктап, бийликти жактагандар Ак үй тарапка жан тартып, “эмне болсо ошол болсун” дегендер ойлонуп, башын кашыган болуп ортодо турушат.

Айрымдар ушул жакын арада Атамбаев ызы-чуу чыгарып бийликти алат экен деп алакан ушалап турса, алардын тилегин таш каап Атамбаев тарапташтарын 2 айлык эс алууга жөнөтүп жиберди. Бирок арабызда күзүндө кайра бийликти алабыз деп тымызын күрөшкөндөр дагы жок эмес.

Баса, так ушул таптарда тар чөйрөдө Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Кыргызстандан чыгып кетти деген сөз тарап жатат. Ал тургай 7 үйүр жылкысын Нарын тарапка карай “ылактырып” жибергендиги айтылууда.

Бактыга жараша Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов менен телефон аркылуу байланышканда эч кандай качпай эле учурда чет өлкөдө жеке жумуштары менен жүргөндүн жана жакын арада Кыргызстанга кайта тургандыгын айтты.

Иса мырза, сизге жакшы эс алуу каалайбыз. Чет өлкөдөн Кыргызстанга карай жакшы ийгиликтерди тарта келиңиз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу