ЖК депутаты журналист Упел Анаркулованы 10 балага салып берип, “оозуңа зордуктайм” деп коркутуп жатканын жарыялады

Журналист Упел Анаркулованы Жогорку Кеңештин депутаты телефон аркылуу коркутуп, эрежесиз урушка түшүп жүргөн он балага салып берип, акырында журналисттин оозунан зордуктайм деп коркутканын Упел Анаркулова “Фейсбукка” жазып, бирок кайсы депутат экенин айткан жок. Журналисттин жазган текстин өзгөртүүсүз, оңдобой беребиз:

Корунуктуу эле депутат (фамиля атын жазбай турайын) мага чалып, коркутуп оозго албас уят создор м.н согуп, ар бир жазган созуно менин фамилям учун миллион сом коём дейт…Жакамды кармадым!!! Анын создорунон бир-экисин гана жазайын.
— Эртен барып бетинди коргуз кылып туздоп кетем, сен эмне кыла аласын? Д…ка, С…ка, Ж…п ….Сен жди меня! Теринди тескери сыйрып, он эркекге салып берип кетем. Уктунбу? Бетинди тилип, туздан сээп коём. Сени он эркекге салып берип коём, даже тушунбой каласын…Бой без правилдеги балдар меники экенин билесин, сени зордуктатып коём…оозунан да….ж.б.. дейт! …( ким экенин айтпай турайын, эл кадырлаган депутаттын создорунун жарымы гана…)”,-дейт Упел Анаркулова.

Азырынча кайсы депутат экени тууралуу маалымат жок, бирок интернет колдонуучулар Жогорку Кеңештеги спортко жакын депутаттарды шектенип жатышат. Ал ортодо пикир калтыруучулар Упел Анаркуловадан “Сен эч нерсе кылбай, жөн эле жүрсөң сөгүп жатабы?”,-деп кызыгышууда. Дагы бир тобу жалпы депутаттардын атын булгабай, ким экенин ачык жаз деп талап коюп жатышат. Журналист Упел Анаркулова жооп берген жок.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу