ЖК депутаттары: Исаков, Кулматов, Артыкбаевдин камакка алынышында саясий боек жок

Жогорку Кеңештин депутаттары АКИpressке Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевди тергөө убактысында камакка алуу фактысы боюнча өздөрүнүн комментарийин беришти.
Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП) Аалы Карашев азырынча тергөө кандай жүрөөрү тууралуу айтууга эртерээк дейт.
«Мен бул тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу билдим. Бизде мыйзамдар бар, мыйзамга ылайык ушундай чечим кабыл алынса керек. Мен өзүм ТЭЦтеги аварияны иликтөө боюнча комиссиянын мүчөсү болгом жана комиссиянын тыянагында фактылардын констатациясы болгон, тиешелүү укук коргоо органдары обьективдүү тергөө иш-чараларын жүргүзөт», — дейт Карашев. Ошондой эле ал мурдагы чиновниктердин камалышынан эч кандай саясат көрбөгөнүн кошумчалайт.
Депутат Алмазбек Эргешов («Кыргызстан») мындай чечим кабыл алынгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин буга негизи болгон деп эсептейт.
«Аларды суракка бир нече жолу чакырды. Тергөө кимдин таза, кимдин күнөөлүү экенин көрсөтөт. Эгерде иликтөө так жана таза жүрсө акыйкат болот. Камакка алуу боюнча түрдүү пикирлер бар, кимдир-бирөөлөр андан саясат көрүп жатат. Бул жерде саясат жок. Биз баарыбыз ТЭЦ боюнча маалыматтарды укканбыз, чындыгында анда коррупция фактылары болгон. Иликтөө кимдин алганын, кимдин албаганын көрсөтөт», — дейт Эргешов.
Депутат Алманбет Шыкмаматов («Ата Мекен») өз кезегинде сот процесси журналисттердин жана укук коргоочулардын катышуусунда ачык болгонун белгиледи.
«Эми тергөө скрупулездик жол менен жүрүшү керек, бул иштин бардык жагдайлары кылдат, ар тараптуу жана ийне-жибине чейин иликтениши керек. Бир гана сот күнөөлүүлөрдүн атын атай алат. Эгерде алардын бирөө жарымынын күнөөсү далилденбесе, күнөөсүз акталышы керек. Мына ушул мыйзамдын жана акыйкаттыктын талабы. Ал үчүн тергөө жана сот максималдуу түрдө ачык өтүшү керек, айыпталуучуларга өздөрүнүн далилдерин жана кызыкчылыктарын цивилдүү жол менен коргоого бардык мүмкүнчүлүктөр берилиши керек», — дейт Шыкмаматов.
«Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов бул жерден эч кандай саясий боек көрбөгөнүн айтат. Ал ТЭЦ боюнча депутаттык комиссия чечим чыгарганын, тергөө жүрүп атканын айтат. Ал бул жерден саясий боек көрбөйт, себеби парламент депутаттык комиссиянын ишин талкуулаган.
«Бул жерде менин оюмча фактылар да, сүйлөшүүлөр да, далилдер да болгон. Андыктан муну негиздүү деп ойлойм», — дейт Турускулов.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу