ЖКнын 6-чакырылышынын депутаттары жайкы эмгек өргүүсүнө чыгышты. Парламенттин 9 айлык ишине кандай баа бересиз?

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер, серепчи:

– Тилекке каршы, ЖК көз карандысыз, өз позициясы бар, элдин ишенимин арткан
жогорку бийликтин маанилүү, өзүнчө бутагы боло алган жок. Чыныгы маанилүү
маселелер боюнча “страустун” позициясын ээлеп, башка бийлик бутактарына баш ийип
калганы ачыктан-ачык көрүнүп калды.
Ушундай жол менен кете беришсе, бул ЖК парламенттик системага кесепети тийип,
жаңы президент шайланган күндөн баштап бул ЖКтин легитимдүүлүгү каралышы
мүмкүн. Менин пикиримде, Конституцияга өзгөртүү киргенден баштап бул парламент
мыйзамсыз болуп калды. Себеби мурунку Конституцияда каралган ыйгарым укуктары
кескин өзгөрдү, ушуга байланыштуу, ЖКга жаңы шайлоо болуш керек дегендердин саны
күндөн-күнгө өсүп жатат.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

– Жогорку Кеңештин бул курамы мамлекеттик бийликтеги негизги түзүм катары өз ордун
таба алган жок, президенттин жана анын аппаратынын кызматын кылуучу, ал жакта
түзүлгөн саясий пландарды ишке ашыруучу эле орган болуп калганын көрүп
турбайбызбы. Жогорку Кеңештин саясий процесстерде өз жүзү жок өзү сызган сызыгы
жок, жадагалса өзү түзгөн өкмөттүн да ишин тескөөгө чамасы келген жок. Өлкөдөгү
мыйзамдуулуктун сакталышы, адилет башкаруу түзүмүнүн калыптанышы, сөз
эркиндигинин, саясий жана жарандык укуктар менен эркиндиктердин сакталышы
сыяктуу өзөктүү маселелерди айтпай эле коёлу, алардан жаа бою качып отурушпадыбы.
Депутаттар көтөргөн демилгелердин көбү майда учурда тагдыр чечпей турган эле
маселелер.

Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы:

– Сын айта турган болсо, ар бир нерсенин кемчилиги чыга берет. Парламент өз ишин
алгылыктуу кылып жатканын көрө алган адам көрүп жатат. Мен алардын ишине мыкты
деп баа берет элем.
Ташполот Балтабаев, коомдук ишмер:

– ЖКнын азыркы ишине баа бергим келбейт. Бирок парламент өлкөнүн өнүгүү
программасынын 5-6 жылдык приоритеттүү багытынын мыйзамдык негизин түзүп
берүүсү шарт.

Абдималик Эламанов, Жалал Абад шаарынын экс 1 вице мэри:

– Негизинен ЖК жакшы эле иштеди деп эсептеймин. Депутаттардын арасында оң жана
терс жагынан өзгөчөлөнгөндөрү да болду. Кабыл алган мыйзамдар кыргыз элинин өсүп
өнүшүнө салым кошот деп ишенем. Бирок, КР ” Админстративдик жоопкерчилик
жөнүндөгү” кодекске өзгөртүү киргизүү азыркы коомдун талабына теңирден тескери
таасир берет. Салынуучу айыптар 200 миң сомго чейин көтөрүлдү, жана бир канча
айыптарды кошуп эсептөөгө 44-берене колдонууга киргизилди. Президентибиз, КР
Өкмөтү бизнес үчүн бейиш түздүк деп ишендирип жатат, фактически бизнесмендерди
муунтууга, качырууга, коррупцияны өрчүтүүгө шарт түзүлдү… Санкцияларды күчөтүү
болуп турган жерде бейиш боюнча сөз орунсуз болуп калды… Ал эми текшерүүлөрдө бир
чарбалык субъект жарым миллионго чейин айып тартууга же параны текшерүүчүгө,
болбосо сотко берүүгө аргасыз болот. Бюджетти толтуруу, балаң ач калса колун кесип
бышырып бергенге барабар.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу