ЖКнын төрагасы эмнеге кызматынан кетти?

Мына ушундай окуя болуп кетээри тууралуу канча сөз чыкканы бир топ эле убакыт болгон. Биздин өлкөнүн саясатында эмнегедир ушак сыяктуу чыккан сөз акыры чындыкка айланып кетет. Бу жолу деле ошондой болду өңдөнөт. Жогорку кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Чыныбай Турсунбековду жакшы эле жарга такап: «Мындай кадамдын сөзсүз себеби болот. Кимге жакпай калдыңыз? Эмнеге кетип жатасыз?», — деп канчалаган курч суроолорду жаадырса да, ачык жооп ала албады. Негизи эле «саясатчыга тил- оюн жашырыш үчүн берилет» деген учкул сөз чындык окшойт.

Кетип жаткан спикер коштошуу сөзүндө парламентти жетектеп жаткан учурунда, бир топ иш жасалгандыгын жылмалап айтып, анан улам жаңыланып туруш керек экендигин кыйытып парламенттин жетекчилигинен кетсе дагы активдүү саясаттан кетпей тургандыгын жарыя кылып сөзүн аяктады. Биздин оюбузча маселенин баары президенттикке талапкер көрсөтүлүп жатканда башталды окшойт. Ал мурдатан калыптанып калган «эрежени» бузуп бирдиктүү талапкер менен кошо өзүн да көрсөтүп жибербедиби. Анын мындай катасы кечиримге ээ болгон жок өңдөнөт. ММКда ал турсун талапкерди көрсөтүү съезди жүрүп  жаткан учурда эмнегедир «Чыныбай мырзанын карааны да көрүнгөн  жок»,- деп жазып жиберишти. Өлкөнүн жогорку бийлик адамдарында дал ошол учурда чоң жарака кеткендей. Балким ошонусу көпчүлүк баамдабаган бийликтин татаал шахматттык оюндарынан кийин акыры ушул күн да келди. Президент Атамбаевдин «Мен бийликтен кеткенде башкалар да кошо кетет» деп айтканы аткарыла баштаганы шекилдүү.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу