“ЖКда Турускулов деген депутат барбы?”, – дешет го…

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов президенттик шайлоодо тыным албай иштеди. Өмүрбек Бабановдун Нарын областы боюнча ишенимдүү адамы болуп бекигенине жетине албай буту күйгөн тооктой эле чуркап жүрдү. Же аны Нарындын эли тааныса экен, барган жеринде эле: «Ыя, кокуй ушундай дагы депутат бар беле?» – деп таң калып жатты теңир-тоолуктар. Депутат болгондон кийин бир басып барып таанышып, эл менен бир жолугуп койгонго жарабаган Турускулов шайлоо алдында уялбай эле жетип барды. Айрыкча Кочкор районун Кара-Мойнок, Дөң-Алыш деген айылдарын кыдырып барып, ар бир айылга таза суу чыгарабыз, жаңы мектептерди салабыз деген убадаларды айтып боорду эзиптир. Айланайын Жыргал мырза Кочкор району боюнча таза суу маселеси дээрлик чечилген, ал эми мектептер сиз жокто деле салынып келген, жана салына берет. Мурун-кийин бир басып барбай туруп, шайлоо алдында: «Бабановду колдоп койгула!» деп куру убада менен баргандан бетиңиз кызарган жокпу? Ии, баса, чын эле бет болсо кызарабы?

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу