ЖКДА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ИШИН ТЕКШЕРҮҮЧҮ ЖУМУШЧУ ТОП ТҮЗҮЛДҮ

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин текшерүү боюнча жумушчу топ түздү.

Мындай сунушту депутат Аида Исмаилова демилгеледи.

Анын айтымында, жарандардын арызына жана депутат Кожобек Рыспаевдин нааразычылыгына байланыштуу жумушчу топ түзүү демилгеленген.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги 6 оорукананын жетекчилерин пенсияга чыкканына байланыштуу иштен бошоткон. Буга нааразы болгондордун арты үзүлбөй келет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу