Жириновский, «кыргыздар орус тилин кордоп жатат»,- деп күнөөлөдү

Орусиядагы Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, Кыргызстанда орус тили жоголуп баратканын айтып чыкты. Мындай пикирин ал Орусия өкмөтүнүн башка мамлекеттердин карызын кечүү техникалык гана процедура экенин айткан учурда билдирди.

“Биз жылдар бою башка мамлекеттердин карызын кечип келе жатабыз. Азыр Кыргызстандын карызын кечтик. Алар бизге эмне кылышты? Ал өлкөдө орус тили жоголуп бара жатат”, — деди Жириновский.

Орус тилинин жоголуп жатканына мисал катары, Рыбачье шаарынын Балыкчы болуп өзгөртүлгөнүн мисал келтирип, Орусия аймагында да Киргизия эмес Кыргызстан деп айтууга мажбурлоо бар экенин белгиледи.

Ал өз пикиринде Кыргызстан карызды акча менен төлөй албаса да кооз жаратылышы менен бөлүшсүн деген оюн билдирди.

Эске салсак, Владимир Жириновский 19-январда Орусия Кыргызстандын карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага алуу боюнча сүйлөшүү керек эле деген пикирин журналисттерге маек берип жатып билдирген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу