ЖИП айдаган Мадумаров кайдан алды тыйынды?

Кыргыз куудулдарынын «Айдаганың БМВ, каяктан алдың тыйынды, же кайын-журтуң  кыйынбы?» деген сатирасы бар. Анын сыңарындай, кызматта жүрүп көргөн жана жүргөн  саясатчылардын арасында эң эле чөнтөгү жука катары саналган Адахан Кимсанбаевичтин шайлоо алдында «байып» кеткени көп ойлорду жаратып туру.

Буга чейинки, 2011-жылдагы президенттик шайлоого кылчайсак, анда да талапкер болуп чыккан Адахан Мадумаровго каражат жагынан колдоо тээ Белорусиянын Минск шаарынан келгени тез эле коомчулукка дайын болгон. Бекер акчага карк болгон талапкер канча аракет кылса да, шайлоочулардын колдоосуна илине албай, четте калган. Андан кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен бириге койгон. «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» болуп, парламенттик жарышка чогуу чыккан бири тилинен чаң чыккан чечен, экинчиси чөнтөгүн көтөрө албаган бай тандем түзүшкөн. Бирок, чечен менен  ишкердин көздөгөнү орундалбай, жарыштагы нечендеген саясий партиялардын чаңында калып кетишкен. Анын айынан, тандемчилердин ортосунан кара мышык жүгүрүп, ал турмак үгүт иштери учурунда штабында иштегендердин айлык маянасын беришпей, «атаңа бар, энеңе бар» ыкмасына салышканы да дайын. Мадумаров «Салымбековдон сурагыла», – деп айлык  сурагандарды жолго салса, Салымбеков «Силерди ишке Адахан алды беле, өзү берсин», – деп  тетири бурулганын, эки «атанын» ортосунда калгансыган кызматкерлер азыр да айтып жүрүшөт.

Бул жылдагы президенттик шайлоого да Мадумаров аттанды. Мурда-кийин   мамлекеттик кызматта иштеген, парламентке депутат болгон саясатчылардын арасынан эң жону  жука так ушул инсан экени белгилүү эмеспи. Бирок, башка учурда ашыкча топтогон байлыгы  жоктугун кайталап айтып, анын айынан анда – санда бийлик сунуштай койгон кызматка барууга  аргасыз болуп калаарын каңкуулаган ал шайлоонун алдында эле каражатка карк болуп чыга келет. Учурда Мадумаров чубалжыган жан-жөкөрлөрү, кайтарган жансакчылары менен  брондолгон Жипте чалкалап, эл кыдырып жүрөт. Жээренче чеченди жолдо калтырган  саясатчынын  сөзүн муюп эле уга бергиң келет. Бирок, сүйлөп бүткөндөн кийин эле айткандарын  анализдейин десең, бири да эсиңде калбаган болот. Жел сөз желге айланып учуп кетет дегендей эле. Шайлоочуларды куру дегенде кызыл тили менен муютуп аткан саясатчынын айдаган  автоунаасы эле жөнөкөй эместиги билинип турат. Нечен миңдеген доллардын «башын жуткан»  автоунаа Мадумаровго кандайча келип калды, ушуга азыраак токтололу.

Айтымдарга караганда, Мадумаров Бабановду колдоого шымаланып туруптур. Азырынча, талапкер катары эл аралаганы шайлоонун эрежеге ылайык оюндарынан экен. Шайлоочуларды өзүнүн мыкты башкаруучу  болооруна ынандырып, жакшылап үгүт иштерин жүргүзүп анан, чечүүгө убакка жакын калганда жылт этип Бабанов тарапка өтө качат. Ал үчүн алдын ала акысын да алып койгонунан, минтип Жипке чалкалап жүрөт. А Мадумаровго муюп калган шайлоочулардын баштары маң болобу, башка болобу анын иши канча. Иши кылса, өз кызыкчылыгын бийик коюп, акыбалды туура пайдалана алса болду да.

Мадумаровдун Бабановдун катарына өтө турганы маалым болгондон кийин, «Республика-Ата Журттун» лидеринин ити чөп жей баштаганы билингенсийт. Дагы бир талапкер Азимбек Бекназаров да жарышты жарым жолдон токтотуп, Бабановду колдоо ниетине  келиптир. Бекназаров бир кездердеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгонун, экс-президент Роза Отунбаева менен эң жакшы мамиледе экенин эске салсак, анда саясаттагы күркүлдөрдүн жооп тобу Бабанов тарапка ооп турат. Таразанын салмактуулар турган тарабы дайыма оор болоору белгилүү эмеспи.

Шайлоого бир айдай убакыт калса да, биригүү- ажырашуулардын катары бүтө элек. Тескерсинче, кол кармашуулардын маршы эми башталат…

Булак: Майдан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу