Жигит жактырган кызына айткан 10 фраза…

Эгер жигит кызды жактырса, төмөндөгү сөздөрдүн бирөөсүн айтат.

1. «Сенин…жакшынакай»

Жигит жакшы көргөн кызына «Сенин көздөрүң жакшынакай» сыяктуу фразаларды көп айтат.

2. «Мага кийингениң жагат»

Эркектер аялдарын кийимине анчейин деле маани бере бербейт. Эгер ал сенин кийингениңе комплимент айтса, анда сага жакшы көрүнгүсү келет.

3. «Сен менин көңүлүмдү көтөрө аласың»

Юмор-эркектин жүрөгүн багынтуунун бир жолу. Аны күлдүрө алсаң, бул жөнүндө көп айтса, демек сени жакшы көрөт.

4. «Менимче, биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз»

Ортоңордо жакындык бар экенин сезип турганын билдирип жатат.

5. «Биз бат-баттан көрүшүп турушубуз керек»

Сени менен жолуккусу келет.

6. «Бир күнү кафеге барып келели»

Жолугушууга чакырып жатат.

7. «Өзүңө калтырып кое бер»

Сага болгон сезимдерин көрсөткүсү келгенде, күтүлбөгөн жерден кофтасын, китебин же колундагы чынжырчасы сыяктуу буюмдарын берет.

8. «Сага күлүп жүргөн жарашат»

Жылмайганда сулуу болуп калаарыңды айтып жатат.

9. «Кучактасам болобу?»

Сени жакындан сезгиси келет.

10. «Гороскоп боюнча кимсиң?»

Сен жөнүндө көбүрөөк билгиси келсе, майда-барат нерселерге чейин сурайт.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу