Жибек: «Индус жигит зордуктап «ВИЧ» илдетин жугузду…»

Саламатсыздарбы? Менин атым Жибек. 19 жаштамын. Менин көйгөйүм төмөнкүдөй. Мен айылда өсүп чоңойгон кызмын. Борборго ЖОЖдордун бирине окууга тапшырганы келип, бюджеттик негизде кабыл алууга ОРТ балым аз болгондуктан өтпөй калдым. Айылга баргандан тартынып кесиптик лицейлердин бирине тикмечилик курска тапшырдым. Окуу бүткөн соң швеялардын бирине ишке орноштум. Ал жактагы эжелердин жүрүм туруму мага өөн учурап кошула албай жүрүп араң көндүм. Акчабызды алган күндөрү кафелерге барып эс алууну адатка айлантып алдык. Жаш кыздарбыз баарыбыз көңүл ачканды жакшы көрөбүз. Бизден улуурак эжелерибиз тапкан акчаңарды самандай сапырып ушу силердики деп бизге нааразы болуп калышат.

Ошондой көңүл ачып жүргөн күндөрдүн биринде чет өлкөдөн келген индус жигиттер менен таанышып калдык. Индус жигиттердин арасынан бири мага карап сулуу экенимди айтып, телефон номерлеримди алды. Ошол бойдон эс алуу бүтүп мен үйгө кеттим. Үйгө кирээр замат мага кафеден таанышкан индус бала телефон чалды. Экөөбүз англис тилинде пикир алышып көп нерсени сүйлөштүк. Күндө телефондон бир маал сүйлөшкөн көрүнүштү адат кылып алдык. Менде ага болгон кызыгуу ойгонуп анын ширин сөздөрүнө арбалып бараттым. Ишенесизби бир да кыргыз баладан ушунчалык жагымдуу сөздөрдү уккан эмесмин. Бир күнү ал мени жолугууга чакырды мен жок дебестен виртуалдык сүйгөнүмө жолугууга ашыгып бараттым. Мага берген дарек менен барсам ал көп кабаттуу үй экен. Ошол үйдөн мен жактырган жигит бир тал роза гүлү менен мени тосуп чыкты.

Мага өздөрүнүн улуттук ашканасынан даам таттыргысы келгенин айтып батирине кирүүмдү суранды. Мен суранычын четке какпай ал менен чогуу батирине кирсем жыты сасык айтып жеткире албаган жыйнаксыз бөлмөгө туш болдум. Мен ошондо өзүмө кайдагы бир жомокту токуп алганымды билдим. Бурулуп кетейин артка деп кайрылсам төргө өтүүмдү суранган анын көзүн кыя албадым. Ошол күнү ал бул жактагы окуусун бүтүп мекенине кайтаарын жана мени менен байланышты үзгүсү келбегенин айтып өздөрүндө баалуу болгон чайды демдеп берип отурганын бир билем, мен өзүмө келип көзүмдү ачсам экөөбүз бир керебетте жылаңач жатыптырбыз. Мен андан эмне болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылып ойготсом ал эч ойгонбой койду.

Айла жок такси чакырып өзүмдүн жашаган жериме кеттим. Үйгө келип душка кирдим да өлүп алайын деп ваннага суу толтуруп жатсам жанымда жашаган кыз менин абалымды көрүп окуянын чоо жайын дароо түшүндү окшойт мага болгон окуяны айтып берүүмдү талап кылды. Мен баарын айтып берген соң ал мага кайдагы бир индус сенин өлүмүңө татыктуу эмес деп мени жаман ойдон кайтарып койду. Арадан убакыт өтүп ал күндү эстен чыгарып ишиме баш отум менен кирип айылдагы ата-энеме акчаларымды коротпой салып баштадым. Алардын батасын алып өзүмдөгү жүктөн кутулдум деген мезгилдерде ден-соолугум начарлай баштады. Анализ тапшырсам врачтар мага вич жугуп калганын айтып айламды кетирди. Мен бул коюлган диагнозго ишенбей 5 жолу анализ тапшырдым бирок диагнозум эч өзгөргөн жок. Ошол күндөн тарта менин жашоом тозокко айланды. Болгон ишти убагында милиция кызматкерлерине айтып арыз жазсам жок дегенде мени абийиримден айрыган, кыз атымды өчүрүп, жашоомду тозокко айланткан адам жазасын алып калмак деп алсыздыгымды жемелейм.

Ата-энем менде баары жакшы деп билишет. Эл көзүнө чынында эле он гүлүнүн бири ачыла элек секелек көрүнөм. Чындыгында жашоом тозокко айланганы качан…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу