Жеңишбек Эдигеев: «Качкан президент да кууган эл да өзүбүздүкү. Непада, эртең эл толкуса урачу шаар, талкаланчу дүкөн атылчу жигиттер бүт өзүбүздүкү!»

Ак жолтой жазың менен! 2006-жылы Март ыңкылабынын Бир жылдыгына гезитти ушинтип чыгардык эле. Быйыл ал ыңкылаптын 12 жылдыгы экен. Эми да 24-Март келатыры. Анан 7-апрель! Ар жолкусунун авторлору өздөрүнчө отчет даярдап, күдүңдөшөт.

Бирок эл отчетко эмес жон териси менен сезген жашоосуна, көзү менен көргөнүнө, курсагынын тойгонуна, эркиндигине, коопсуз сезгенине, бийликке болгон ишенимине, баласынын илим-билимине, келечегине карап ой жоруп, ишениши керек. Кайрадан кыргыз Жазынын алдындабыз.

2006-жылдары күн эмес айларга созулган митингдердин учурунда чет элден келген журналисттердин “Орто Азиядагы эң кызык өлкө Кыргызстан, башка жагында бүт “скучно” деп айтканы” эсимде калыптыр. Эми кайрадан “кызыктуу” өлкө болоордун алдында, жаздын алдында тереңирээк ой жорушубуз керек болуп туру.

Анткени, өлкө өзүбүздүкү, жер өзүбүздүкү, качкан президент да кууган эл да өзүбүздүкү. Непада, эртең эл толкуса урачу шаар, талкаланчу дүкөн атылчу жигиттер бүт өзүбүздүкү! Туу кармап “Ала-Тоого” чыгаарда ушуну бир ойлонуп алалы, кайсы ураанды айтып чыксаң да!

Белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеевдин Фейсбук баракчасынан алынды; 

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу