Жеңил ойлуу аялдын “жеми” өкүнүч жана кайгы болот…

Жазира мурдагы күйөөсүнө  атайын эрегишип, маршруткадан күтүүсүздөн таанышкан бирөө менен жарандык никеде жашап алганына аябай өкүнүп жүргөн эле. Анткени кийинки эр сөрөйү өзүнө кол көтөргөнү аз келгенсип, эки баласын да жанга баткан жагымсыз сөздөр менен тилдечү. Башында жакшы адамдай көрүнүп, анан арадан бир ай өткөндөн кийин баарын башкарып, өз билгенин жасай баштаган. Асектен кантип кутулуунун айласын таппаган Жазира тажаганда энеси менен да кеңешип көрдү. Энеси акыл-насаатын айтмак тургай ого бетер тескери сүйлөп башын оорутту. Ошондо жакшылыктан үмүтүн үзө баштаган бечара келин мурдагы күйөөсүнөн кабар алганга мажбур болду…

***

Колуктусунун жеңил ойлуулукка алдырып башка эркек менен жашап алганына ызаланган Данияр бир күнү досу менен мектепте чогуу иштеген Гүлжанга телефон чалып, аны үйүнө атайын конокко чакырды. Экөө таанышканына аз убакыт болсо да бири-бирин жакшы түшүнүп калышкан эле. Ошон үчүн Даниярдын шагын сындыргысы келбеген Гүлжан дароо эле макул болуп, айтылган дарек боюнча үйдү өзү таап келди. Кубанычы койнуна батпаган Данияр кучагын жайып:

-Мен сени өзүм ээрчитип келсем жакшы болмок. Эми шарт ушундай болуп калды-, деп актангандай түр көрсөттү.

-Эч нерсе эмес. Азыркы заманда мырзаларды айымдар өздөрү издеп келет окшойт-,деди Гүлжан шыңкылдап күлүп.

Колунан келишинче дасторкон даярдаган Данияр жакын арада эле тапкан сүйүктүүсүн жаналекетке түшүп сыйлап жатты. Ушул кечте экөөнүн мындан кийинки келечеги тууралуу так маалымат билгиси келген татынакай келин Даниярга ыңгайсыз суроо берип:

-Чыныңды айтчы. Аялыңдан биротоло кол үздүңбү?-деди дагы эле ишене албай жатканын билдирип.

-Мен андай аял менен эки дүйнөдө да жашабайм. Эми өткөн ишке эч өкүнбөйм. Капаска камалган кушка окшобой өзүмдү эркин сезип , бирөөгө көз каранды болбой жашагым келет-, деп чечкиндүү сүйлөгөн Данияр ордунан туруп сыртка чылым чеккени жөнөдү. Гүлжан болсо кечке чейин мектепте жүрүп чарчагандыктан бир аз уктап алгысы келип төркү бөлмөгө кирди.

“Сендей төрөбөгөн аялдын мага кереги жок”

Жазира телефон чалганда нааразы болгон Данияр маалкатып жатып трубканы араңдан зорго алды:

-Бул ким?!

-Мен Жазирамын. Эмне аялыңды тааныбай калдыңбы?

-Таанысам да эч тааныгым келбей турат. Сен азыр бирөөнүн жарандык никеде жашаган аялысың. Эмесе ошол эриң менен бактылуу бол. Эми мындан кийин менин жеке турмушума кийлигишпе-,деди Данияр биротоло менден үмүтүн үзсүн дегенсип.

Көңүлдү калтыра турган мындай сөздөрдү укканда ыйлагысы келген аялы:

-Жаным антип айтпачы. Сенин жакшы адам экениңди эми билдим. Жаңылыштык кылып ак сүйүүмө чыккынчылык кылдым окшойм. Эгер мени кечирсең сенин оюңдагыдай жашайм-, деди жарашканга аракет кылып.

-Мен сендей жеңил ойлуу аялды эки дүйнөдө да кечирбейм. Сен мага өзүңдүн жеке кызыкчылыгың үчүн гана турмушка чыгыптырсың. Сага эч ким тийбейт деп айтчу эмес белең.Сенин бирөө менен жашап алганыңды уккандан кийин мен дагы өз бактымды тапкам. Азыркы колуктум боло турган айым сага караганда жаш. Буюрса эмдиги жылы төрөп берет. Сендей төрөбөгөн, сүйүүсүн тебелеген, ак никесин булгаган аялдын эми мага кереги жок-, деп ачууга алдырган Данияр телефонун өчүрүп таштады…

            «Эжең, башка бирөө менен жашап албаганда, балким…»

Жазиранын бир нерсеге кыжалат болуп жатканын көргөн Асектин кыжыры кайнап:

-Күйөөңдү эч унуталбайт окшойсуң. Берчи телефонуңду-, деди тишин кычыратып.

-Бербейм! Бар эс алчы башымды оорутпай-, деп Жазира кызынын бөлмөсүн көздөй басканда өзүн карманалбаган Асек жаактан ары бир чапты.

-Колуңа шал тийгир! Чыгып кет үйдөн-, деп бөлмөнү жаңыртып ыйлаган Жазиранын үнүн уккан апасы аксаңдап ары жактан ошол замат жетип келди

Жакшылык көрбөй кал! -деп таягы менен тап берген кемпирди тоготпогон Асек сөөмөйүн кезеп:

-Мастан сен кийлигишпей эле койчу. Кызыңдыкы алтындан бетер ажылдайсың да. Азыр катын деген картошкадан көп. Эртең эле бирөөгө үйлөнүп алам. Мунуң мурунку күйөөсүн аябай жакшы көрөт окшойт. Кой, ачуум менен бирөөңөрдү майып кылып коё элегимде тынчыраак чыгып кетейин-, деп бир аз эсине келген Асек кийимдерин көтөрүп алып үйдөн чыгып кетти.

***

Эртеси Жазира үйүнө сиңдисин атайын чакырды. Түндөгү болгон жагымсыз окуяны апасынан уккан Назира оюн ортого салып:

-Ал акмак мага башында эле жаккан эмес. Эже сиз ойлонуп иш кылсаңыз болмок. Мына мен деле эрим менен таарынышып , бирге жашабай калганыма алты ай болду. Өзүмө балээ тилебей тынч эле тирилигимди өткөрүп жүрөм го. Жездем өтө деле жаман адам эмес болчу. Эгер апам экөөңөр сүйлөшкүңөр келбесе аны менен өзүм сүйлөшөм-, деди телефонун сумкасынан алып чыгып.

-Эми кеч болуп калды. Жездең мага өчөшүп бирөөгө үйлөнүп алса керек-, деп баятадан бери бекем  карманып турган Жазира чыдай албай кетип буркурап ыйлап жиберди. Эжесинин мындай аянычтуу абалына зээни кейиген Назира дароо эле жездесине телефон чалды:

-Жезде кандайсыз?

-Жакшы…

-Мен сиз менен атайын сүйлөшөйүн деп чалдым эле.

-Айта бер. Угуп жатам.

-Сиз чындап эле бирөөгө үйлөнүп алдыңызбы?-деди Назира эжесинин сөзүнө эч ишенгиси келбей.

— Ооба. Мен дагы өз бактымды тапкам-деди жездеси чындыкты айтып.

-Кантип? Сизди мен эжемди эч кимге алмаштырбаган туруктуу эркек деп ойлочумун. А сиз…

-Назира туура айтасың. Мен эжеңди башка бирөөгө алмаштырам деп эч ойлогон эмесмин. А бирок эжең туруксуз экенин өзү биринчи көрсөтпөдүбү. Жазирадан деги эле мындайды күткөн эмесмин. Анын мени менен ушул мезгилге чейин жарашпай кыйнаганын кечирмекмин. Жарашып кайра жашасамбы деген жакшы ниетим бар болчу. Чындыгында башка эркек менен жашап алгандыгы үчүн эми кечире албайм. Сен дагы учурунда мени туура түшүнүп , адамгерчилик кылып эжең экөөбүздү жараштырганга аракет кылсаң, балким баарыбыз үчүн мындай өкүнүчтүү окуя болбойт эле-, деп жүрөгү сыздаган Данияр сөзүн жыйынтыктады.

-Жездем туура айтты. Баарыбыз мунун алдын алышыбыз керек эле. Биз учурунда бири-бирибизди кечирип, бири-бирибизге жардам берип туура түшүнүшсөк баардыгы жакшы болмок. Аттиң ай… Эже сиз жанагы эр сөрөйүңүздү үстүңүзгө киргизип албаганыңызда, балким жакын арада жездем менен жарашып калат белеңиз… Жездем эми эч качан кайрылып келбейт. Эми калган өмүрүнүз жалаң өкүнүч менен өтөт окшойт-деп катуу кайгырган Назира оор үшкүрүнүп отуруп калды…

Автор: Нуркемел ИСАЕВ

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу