Жети-Өгүздө айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып каза болгон

Жети­Өгүз районунда 5­июнь күнү саат 07:30дар чамасында Балтабай менен Конкино айылдарынын ортосунда Volkswagen Golf III жеңил унаасынын 33 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп, ошол жерде каза болгону тууралуу ӨКМ билдирди. Белгилүү болгондой мерт кеткен жаран Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну экени айтылат. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар автоунаанын ичинен кыпчылып калган айдоочунун сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушул.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу