Жети тепкичти басып өткөн түгөйлөр бактылуу болушат…

Адатта «сүйүшүп баш кошконбуз», «чоң сүйүү менен турмуш курдук» деген кептерди кулагыбыз чалып журөт. Адамга чыныгы сүйүү турмуш курарда эмес, турмуш кургандан кийин келерин адистер далилдеп чыгышкан. Джон Готтман — Вашингтондогу университеттин профессору, дүйнө жүзүнө белгилүү үй-бүлөлүк психолог. Ал Үй-бүлөлүк мамилелерди изилдөө институтун негиздеп, кырк жылдын ичинде үй-бүлөнү сактоо жана ажырашуунун алдын алуу боюнча бир нече изилдөөлөрдү  жасаган. Готтман чыныгы сүйүүгө жетүү үчүн жубайлар 7 баскычтан өтүүсү керек экенин белгилейт.

БИРИНЧИ БАСКЫЧ — СУЙУУ ХИМИЯСЫ 

Жубайлар баш кошкондон кийинки  1,8 — 2 жылга чейин  жашоосунда баары  ойдогудай болуп турат.  Ал учурда бири-биринин каалоосун аткарып, көңүлүн карап турган мүнөттөр чексиздей туюлушу мүмкүн. Бул  сезимге психологияда так аныктама бар. Ушул учурда адамдын мээсинде кандай өзгөрүү болорун окумуштуулар изилдеп чыккан. Организмде эндорфин менен окситоцин гормондору иштелип чыгат. Ал гормондор терс эмоцияларды, адамдын ачуусун автоматтык түрдө блоктоп турат. Ушундан улам жубайлардын ортосундагы таарынычтар узак убакытка созулбайт. Уруштун артынан таттуу элдешүү күтүп турат. ЭКИНЧИ БАСКЫЧ-ТОПУК КЫЛУУ Баш кошкондон кийин 3-5 жыл аралыгында алоолонгон сүйүү сезими бир аз ооздукталып, түгөйлөр кыялкеч мамиледен реалдуу жашоого кадам таштаган мезгил. Бири-биринин ачылбаган сапаттарын жакындан биле башташат. Турмуштун жаңы түйшүктөрү ачылат. Бул баскыч адатта билинбей кыска мөөнөткө эле созулат. Жубайлардын оюн «ушул адам менен жашоом ойдогудай болот, түбөлүктүү түгөйүмдү таптым” деген топук кылуу сезими бийлейт. Айрым үй- бүлөлөр бул маалда 1 же 2 балалуу болгонго жетишет.

ҮЧҮНЧҮ БАСКЫЧ -ИРЭЭНЖҮҮ

Бул баскыч жубайлар үчүн чыныгы оор сыноо. Үй-бүлөлүк жашоонун 8-10 жылдар аралыгында пайда болуучу сезим. Күйөөңүздүн буга чейин сиз билбей жүргөн терс кыял- жоруктары, жагымсыз адаттары ачыла баштайт. Ушул күнгө чейин жагып жүргөн сапаты тескерисинче кыжырга тийиши мүмкүн. Атайын сиздин жиниңизге тийгиси келип жумуштан кеч келип, үй иштерине жардам бербей, балдарга көңүл бурбай аткандай сезим калтырат. Бул сезимдер эмнеден улам келип чыгат? Адам түйшүккө, күнүмдүк жумуштарга аралашканда чарчайт. Психологдор ушул доордо өзүмчүлдүк сезим ойгонорун аныкташкан. «Эмнеге мен жасай берем? Мага эле керекпи?” деген суроолор жаралат. Анын артынан «түгөй тандоодо адашыптырмын» деген өкүнүү сезими келет. Анын дарегине айтылган кескин айтылган сын кырдаалды ого бетер курчутат. Жон Готтман эң оор баскычтан чыгуу үчүн төмөнкүдөй кеңеш берет: «Жубайыңыздан ирээнжип, көңүлүңүз калып турса буга чейинки баскычтарга кылчайып караңыз. Анын берген белектерин, жүрөгүңүздү  жылыткан жакшы жоруктарын эстеңиз. Жана аны уга билиңиз. Сөзсүз эле анын айткандарынын баарына кошулуу талап кылынбайт. Бирок кайсы бир маселеге пикирин айтып жатканда колуңузду куушуруп, башыңызды чайкасаңыз же ичиңизден «баары бир макул болбойм» деп ойлоп турсаңыз талкууңардын натыйжасы жакшы болбой турганы анык».

ТӨРТҮНЧҮ БАСКЫЧ-БАШ ИЙҮҮ Бул баскычка турмуш кургандан кийин 8-12 жыл аралыгында жетүүгө болот. Мында үчүнчү баскычтагыдай ачык-айкын уруштар болбойт. «Сени менен турмуш курганыма өкүнөм» деген ачык билдирүүнүн ордуна, «үй-бүлөм үчүн ушул адам менен тил табышып жашайм» деген ой  басымдуу болот. Ал адамды өзүңүз каалагандай баш ийдирип жашоо болбосун жакшы түшүнө баштайсыз да, аны болгон кемчилдиги менен кабыл алууну үйрөнөсүз. Экөөңөр тең бири-бириңе күнөө койбой, өз кемчилдигиңерди оңдогонго шашыласыңар.  Табиятынан ийкемдүү, акылдуу келген аял адатта өз милдеттерин биринчи түшүнө баштайт. Жубайынын ийге келгенин байкаган жолдошу да сабырдуу болууга, урушту ырбатпаганга үйрөнөт. Алгачкы баскычтардагы «эмне телефон чалсам албайсың?” деген кескин суроо «чалсам албайсын, сарсанаа болдум» деген жумшак сүйлөмдөр менен алмашат. БЕШИНЧИ БАСКЫЧ -МИЛДЕТТЕРДИ ТАК АТКАРУУ  10-15 жыл бирге түтүн булатып, турмуштун төрт баскычын ийгиликтүү басып өткөн жубайлар бешинчи баскычта өз милдеттерин так аныктап алышат. Мисалы, жолдошу акча таап, каржы жагынан балдарын толук камсыздай алат. Жубайы күйөөсүнүн таап келгенин сарамжалдуу урунуп, тамакты түрлөп жасап, тиричилик иштерине бышып калат. Аялы күйөөсү жөнүндө: “Күөөм кандай табышкер, акчасын досторуна чачпайт. Балдардын кем-карчын жакшы карайт. Үйгө убагында келет»,-деп ойлонот. Күйөөсү аялы жөнүндө: «Качан келбейин даамдуу тамагы менен тосуп алат. Үй-жайды таза кармайт. Балдарымды жакшы тарбиялап атат»,- деген ойдо болот. Бири-бири тууралуу жакшы бүтүм чыгарган жубайлардын ортосунда сый мамиле бекемделип кийинки баскычка өтүшөт.

АЛТЫНЧЫ БАСКЫЧ — АЁО

15-18 жыл бирге жашаган жолдошуңузду беш колдой билип каласыз. Анын алсыз жактарын, табитин, каалоосун, максаттарын, кыялдарын, талаптарын жаттап бүткөнсүз. Ага жагымсыз болгон кепти баштабайсыз, себеби капа болорун билесиз. Анын кызыкчылыгы үчүн кээде өз кызыкчылыгыңыздан баш тартасыз. Аны сарсанаа кылбайын деп кээде жагымсыз окуяларды жашырасыз. Жогоруда санаган көрүнүштөрдүн баарын жасап аткан болсоңуз, сиз аёо баскычын өтүп аткан кезиңиз. Бул куракта балдар чоңоюп, тиричилик бир калыпка түшүп бири-бириңерге убакыт кенен артып калган мезгил. Кокус ортодо түшуүбөстүктөр келип чыкса уруш-талашы жок эле маселени тынч сүйлөшүү жолу менен чечкенге өтөсүз. ЖЕТИНЧИ БАСКЫЧ-СҮЙҮҮ Машакаттуу, кубаныч менен кайгыга, көз жаш менен элдешүүгө толгон 20 жылдык жашоону артка таштадыңыз. Эми убактыңыздын көбүн жубайыңызга кам көрүү менен өткөрөсүз. Анын кубанганы, сизге ыраазычылык айтканы болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт. Жолдошуңуздун айтайын деген кебин жарым сөзүнөн түшүнөсүз. Бул баскычка бардык эле түгөйлөр жете бербейт. Статистикага таянсак, жубайлардын көбү үй-булөлүк жашоонун үчүнчү баскычына туруштук бере албай ажырашышат. Бирок бардык кыйынчылыктардан ийгиликтүү өткөн түгөйлөрдү гана татыктуу сыйлык күтүп турат. Ал жетинчи баскыч. БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу