Жетекчинин мүнөзү кызматкерлердин ден-соолугуна таасир берет…

АКШ окумуштуулары башчылар өз кол алдында иштеген адамдарга жумшагыраак мамиле жасаганы жөн деген жыйынтыкка келишти. Андай болбой турган учурда кызматкерлерде ички каршылык жаралып, анын кесепетинен тез-тезден ооруп калышат имиш. Изилдөө – жетекчинин мүнөзү кызматкерлердин ден-соолугуна таасир берерин көрсөткөн. Бул тууралуу “argumenti.ru” маалымат булагы жазган.

Изилдөөгө 220дан ашык адам катышкан. Окумуштуулар алардын ага чейин канча жолу жана кандай оорулар менен ооруганын, жетекчилери менен кандай мамиледе болушканын изилдешкен. Жыйынтыгында башчысы катуу мүнөздөгү кызматкерлер көп ооруганы белгилүү болгон.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу