Жер бетинде жүрөк оорусу менен оорубаган уруу бар…

Теманы окуп отуруп “бул мүмкүн эмес” дейсиз. Себеби жер бетинде ар бир үчүнчү адамдын жүрөгү ооруйт. Анын себеби көп. Алардын бири абанын булганышы, тамеки чегүү, арак ичүү жана түрдүү зыяндуу заттарды пайдалануу сыяктуу дүйнөлөр.

Ошенткени менен ушунун баарына чыдаган, оорубаган уруу жашайт. Алар жомоктогу аңыз эмес. Чындык.

Амазонкада өмүр сүргөн Циман уруусунда жүрөк оорусу тууралуу түшүнүк жок. Алар дүйнөдөгү эң кооптуу жерде жашаса да жүрөктөрү дүйнөдөгү ар бир адамдын жүрөгүнөн эки эсе жакшы жумуш иштейт, оору дегенди билбейт. Түштүк Америкалыктардан келип чыккан Циман уурусунун бул касиетке кандай ээ болгонун изилдөөчүлөр ар тараптан изилдеп жатышат.

Азыркы убакта жообу табылды. Алардын айтуусу боюнча, майлуу тамактан көрө сууда өмүр сүргөн азыктарды пайдалануу, тамеки сыяктуу зыяндуу заттарды колдонбоо бул уруунун жүрөк оорусу менен оорубаган сырын ачып берди.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу