“ЖЕРҮЙ” АЛТЫН КЕНИ БАБАНОВДУ ГАНА БАЙЫТАБЫ?

“Жерүй” кенин иштетүү президенттик шайлоого чейин башталабы?

Талас облусунда жайгашкан “Жерүй” кенинин айланасында бир топ жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келет. 2015-жылы кенди иштетүү үчүн сынакты “Восток- геолдобыча” компаниясы утуп алганы менен азыркыга чейин иш башталбай турат. Жакынкы убакта тендерди уткан компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келери күтүлүүдө. Апрель айында Кыргызстандын жетекчилери менен биргеликте алтын казуучу фабриканы куруу иштеринин башталышы болот. “Восток- геолдобыча” компаниясы “Русская платина” компаниясынын тобуна кирет.

Кенди кимдер иштетет?

Тендерден уткан орусиялык инвесторлор менен катар эле кенди иштетүүгө казак жана кыргыз компаниялары дагы катышмакчы. “Русская платина” компаниясынын жетекчиси Муса Бажаев казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовду жана кыргызстандык бизнесмен Өмүрбек Бабановду долбоор боюнча бирге иштешүүгө чакырган.

Алижан Ибрагимов акциялардын 40 пайызына, “Русская платина” дагы 40 пайызына, калган 20 пайызына Өмүрбек Бабанов ээ болору күтүлүүдө.

“Жерүй” кенин иштетүүдө Бабановдун акционерлердин арасына кошулуусу жергиликтүү калк менен болгон пикир келишпестиктерди чечүүгө жана өлкөдөгү саясий окуялар кен иштетүүдө терс таасирин тийгизбөө үчүн жасалгандай.

Ошондой эле кенди иштетүүгө төртүнчү жактар дагы тартылышы мүмкүн экени айтылууда. Ал батыштагы эң белгилүү компания экени белгилүү болгону менен аты аталбай келет. Дал ушул төртүнчү жак алтын алуучу фабриканы куруу үчүн 250 миллион доллар бөлүп, андан соң кенди иштетүүгө бел байлаган жогоруда аты аталган орусиялык, казакстандык, кыргызстандык бизнесмендер бул батыш компаниясына акцияларынан үлүш чыгарып беришмекчи.

Эске салсак 2006-жылы “Кыргыз алтын” менен австриялык “GG Holding GmbH” компаниясы “Жер-Үй алтын” жабык акционердик коомун уюштурушкан.

Ага чейин англиялык “Оксус Голд” компаниясы кенди иштетүү укугуна ээ болуп, бирок өндүрүштү ишке киргизүүнү алты жыл бою кечеңдеткендиги үчүн лицензиядан каңтарылган.

Бирок ал компаниянын Борис Березовский менен байланышы тууралуу маалыматтар коомчулукта талкуулана баштаган учурда анын көзөмөлдүк акциясы казакстандык ишкерге сатылгандыгы боюнча маалымат тараган болчу.

Ошондогу парламент кийинки келген компаниянын олигарх Борис Березовский менен байланышы тууралуу маселени көтөрүп чыгып, бирок ал тастыкталбай калган. Анткени менен кийин “Известия” газетасы Москвада Березовскийдин мекемеси жайгашкан “Триуф” галлереясында табылган документтерди жарыялап, анда Березовскийдин “Жер-Үй” алтын кенине ээлик кылууга байланышкан жазмалары табылганын жазып чыгышкан.

Бул маселе боюнча бир топ кыргыз саясатчылары башкы прокуратурага кайрылышкандыктарын, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатканын айтып чыгышкан.

Бул тууралуу Эдил Байсалов да, «Анда биздин мамлекеттеги сотторду сатып алганга, министрлерден лицензия алганга жана андагы башка жогорку бийлик органдарынан колдоо табуу үчүн миллиондогон доллар берилгендиги жазылып турбайбы Бирок ушуга чейин эч ким эч нерсе кылбай эле олтурат. Чындыгында  ошол жазмалардагы миллиондогон акчалар кимдерге берилгендиги азыркы бийлик үчүн кызыктуу болуш керек болчу –деп бир катар массалык маалымат каражаттарына билдирүү берген эле.

Бирок, бийлик башында отурган бийлик төбөлдөрү бул ишти ачууга ынтызаарлыгын билдирбей, ачылган аяктын үстүн жабууга жанталашышып, жыйынтыгында бул иш тындым болгон.

“Жерүйдү” иштетүүдө өлкөгө кандай пайда түшөт?

“Жерүйдөгү” алтындын кору 73-80 тонна экени айтылып келет. Орусиялыктар лицензияны 100 млн долларга сатып алышкан жана ал 20 жылга чейин күчүн жоготпойт. Тендер өткөрүлгөнүнө 2 жыл болсо дагы Кыргызстандагы ири долбоорлордун техникалык-экономикалык негизи иштелип чыга элек.

Инвесторлор бул жылдар аралыгында жер жана электр энергиясы маселеси боюнча иш алып барышкан.

“Восток- геолдобыча” компаниясы кенди эки жол менен казуу жүрөрүн билдирген: биринчиси, кендин үстү ачык алынса, астын казуу жер алдынан болмокчу.

Алтындын кору боюнча экинчи орунда турган ири кендин иштетилишинен Кыргызстанга жыл сайын 286,2 миллион доллар салык, 52,8 миллион доллар салыктык эмес төлөмдөр жана 9,8 миллион социалдык төлөм төгүлмөкчү.

Компаниянын планына Талас облусунда мектеп, бала бакча, жана жол куруу кирген. Ошондой эле жергиликтүү ооруканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу да каралган.

Өлкөдөгү саясий абал кенди иштетүүгө таасирин тийгизеби?

Алтын казуу боюнча долбоор президенттик шайлоо алдында башталып жаткандыктан саясий айдыңда “Жерүй” бийликтегилер же бийликке жетүүнү каалагандар үчүн саясий курал болуп калбайбы деген кооптонуулар бар. Бирок бийлик президенттик шайлоо тынч өтөрүн белгилеп келет.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана экс-депутат Садыр Жапаровдун камалганына байланыштуу Кыргызстанда митингдер өтүп жаткан маал. Дал ушундай учурда алтын кендери куралга айланып, эл үчүн жакшы көрүнүүнү каалагандарга жакшы шарт түзүлүп калчу эле. Анын үстүнө президенттикке талапкер болгондордун бири Өмүрбек Бабановдун “Жерүй” кенинин иштетилүүсүнө катыштыгы бар экени саясат айдыңында бир оп чууну жаратпай койбойт деген кепилдик жок.

Маалымат үчүн: Жер-Үй алтын кени – Талас районунда, Кара-Ой кыштагынан 26 км аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 32053710 м бийиктикте жайгашкан. 1969-жылы табылган. 1974–84-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген.

Кен аймагы кембрий-ордовик мезгилиндеги кварцтуу диориттерден, кварцтуу сиенит-диориттерден, монцодиориттерден, дайкалар менен жирелген рифейдеги мраморлордон, доломиттерден, сланецтерден, филлиттерден жана ордовиктеги аларды жаап жаткан андезиттүү порфириттердин туфтарынан турат.

Кенташ линза, уя, тарам, тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоз жолу менен кварцташкан тектер менен байланышкан. Кенташ тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт.

Негизги минералдары: нак алтын, висмутин, пирит. Алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Кен таштагы алтындын орточо өлчөмү 6,3 г/г запасы 74,684 тонна.

Ошондой эле “Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы чалгындалып, анын изилденген запасынын көптүгү боюнча “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунда экендиги аныкталган.

 Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу