«Жерүйдөн» мурдагы президент канча пара алган?

Кыргызстанда алтындын запасы боюнча экинчи орунда деп эсептелген “Жерүй” алтын кенин россиялык “Восток-геолдобыча” компаниясына 100 миллион долларга бергенибизде “Курманбек Бакиевдин заманында 300 сомго сатылып кеткен лицензияны 100 миллион долларга саттык” деген төш кагуулар болгон. Албетте, 300 сом менен 100 миллион доллардын айырмасы өтө эле чоң. Бирок, ошол убакта конкурска “Восток-геолдобыча” менен биргеликте эле катышкан жергиликтүү “Кыргызалтын” ААКсы “Жерүйдүн” жогоруда аты аталган компанияга берилип кетишин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет деп эсептешип, бул маселе боюнча сотко кайрыла тургандыктарын билдиришкен. Кыязы, алар ошондо эле бийликтегилер менен “Востокгеолдобычанын” өкүлдөрүнүн ортосунда соодалашуу болуп кеткенин билишсе керек. Тилекке каршы, алар дагы сотко кайрылмак турсун, кийин бул маселе тууралуу ооз ачпай да калышкан.

“Жерүй” кенин иштетүүгө “Восток-геолдобыча” ААКсынын алдындагы “Альянс Алтын” ЖЧКсына укук берүү кадамы көрсө башынан эле коррупциялык тарых менен башталган тура. “Восток-геолдобыча” ААКсы “Русская Платина” ЖЧКсы компанияларынын (Россиялык бизнесмен Муса Бажаевге таандык) тобуна кирет. Ошону менен бирге “Русская Платинанын” “Жерүйдү” иштетүү боюнча өнөктөшү казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовдун Eurasian Resources Group (ERG) компаниясы болуп саналат. Казакстандык ММКлардын маалыматына таянсак, “Жерүйдөгү” А. Ибрагимовдун үлүшү 40%ды чапчыйт. Ошентип М. Бажаев менен А. Ибрагимовдун тикелей үлүшүнө “Жерүй” берилип кеткен десек да туура болот. Экөөнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүдө, А. Ибрагимов “Жерүй” долбоору боюнча күнүмдүк болуучу маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргызстандын жетекчилиги менен жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышты камсыздоого жооп берет.

Негизи “Жерүйдү” иштетүү боюнча конкурстун экинчи туруна үч компания өткөн. Алар: “Восток-геолдобыча” ААКсы, “Алдан золото ГРК” ААКсы жана “Кыргызалтын” ААКсы (британиялык “Юнити голд майнинг” компаниясы менен биргеликте, бул компания долбоордун финансылык бөлүгүнө кепилдик берген). Анан экинчи турда “Алдан золото ГРК” компаниясы конкурска катышуудан баш тарткан. Натыйжада 2015-жылдын 4-майында комиссия “Восток-геолдобычаны” жеңүүчү деп тапкан.

Эми ушул жерден кызык суроо жаралат. Конкурстун талаптарынын бири боюнча кайсыл компания көбүрөөк акча каражат сунуштаса, жеңүүчү ошол болушу керек эле. “Восток-геолдобыча” ААКсы “Жерүйдүн” баштапкы баасы болгон 100 миллион долларды гана сунуштаган. Ал эми “Кыргызалтын” ААКсы 111 миллион доллар сунуштаган. 11 миллион доллар өз атаандашына караганда көбүрөөк сунуштаганына карабастан, жергиликтүү “Кыргызалтын” ААКсы жеңилүүгө дуушар болгон.

Эмнеге? Маселенин түйүнү дал ушул жерде. Айрым билермандардын айтымына караганда, “Жерүй” кенин иштетүүгө укук калуу үчүн “Русская Платина” ЖЧКсынын ээси Муса Бажаев мурдагы президентке жана парламенттеги “Республика – Ата журт” фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго 20 миллион доллар пара бергени чынбы? “Жел жүрбөсө терек башы термелбейт” демекчи, тийиштүү органдар бул маселени иликтеп, юридикалык баа бериши абзел. Табышмактуу суроого жооп табылбаса болбойт. Бул биринчиси деп туруңуз.

Экинчиси мындан дагы кызык. “Кыргызалтын” ААКсы 111 миллион доллар сунуштоо менен катар, “Жерүйдүн” акциясынын 50%ын гана алаарын, калган 50% мамлекеттин эсебинде калаарын кепилдеген деген сөз тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Ошого карабастан, “Восток-геолдобычага” “Жерүйдүн” 100% акциясы берилип кетти. Бул мамлекетке жасалган кыянатчылык эмеспи? Мындай чыккынчылыкка барып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген “соодалашууну” жүргүзгөндөрдү таап, мыйзам чегинде жазага тартса дагы кеч эмес…

“Восток-геолдобыча” неге лицензиялык келишимди аткарбайт?

Ошентип “Восток-геолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ЖЧКсы катталат. Ошондон кийин ага 2015-жылдын 28-августунда “Жерүй” кенин иштетүүгө лицензия берилет. Өткөрүлгөн конкурстун негизги шарттары лицензиялык келишимдин өзөгүнө кирген. Лицензиялык келишимдин шарттарынын арасында №1 милдеттенме бар эле. Ал “Альянс Алтын” ЖЧКсы кен чыгуучу жайды иштетүүнүн техникалык долбоорун иштеп чыгып жана ал техникалык долбоорго өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер астын коргоо боюнча оң жагына чечилген эксперттик бүтүм алышы керек болчу. Ошондой эле инфраструктура жана башка объектилерди курууга уруксат берген документтерди алышы керек эле. Бул милдеттерди компания лицензия алган убакыттан кийин бир жыл ичинде кечиктирбей аткарышы керек болгон.

Бирок, “Альянс Алтын” ЖЧКсы бул мөөнөттү бузуп, өз убактысында техникалык долбоорго оң жагына чечилген эксперттик тыянак ала алышкан эмес. Себеби, алардын долбоордук чечими Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей жана бир катар тобокелчиликтерге, анын ичинде экологиялык жагынан дагы тобокелчиликтерге түрткөн. Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитети долбоордук документациясына жактырылбаган тыянагын чыгарган. Ошол эле убакта аталган Мамлекеттик комитет техникалык долбоорду иштеп чыгуу үчүн жана ага эксперттик тыянакты алуу жана башка уруксат берүүчү документтерди алуунун мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Себеби конкурстук шарттарда мөөнөттү узартуу укугу берилген эмес.

Бирок, ошондон 6 айдан кийин, 2017-жылдын майында Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитети кенди иштетүүгө техникалык долбоорду иштеп чыгуу үчүн мөөнөттү дагы жарым жылга узартып берет. Тактап айтсак, 2017-жылдын 28-августуна чейин.

Кантип? Кандай жол менен? Эмне үчүн? Мына ушундай суроолор өзүнөн өзү жаралары турган иш. Анда түшүндүрөлү. “Русская Платина” ЖЧКсынын генералдык директору “Альянс Алтын” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Евгений Воробейчик менен бирге Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Германиядан жолугушуп, анын колуна 500 миң долларды карматканы тууралуу аңыз тарады. Бул канчалык деңгээлде чын экенин тийиштүү органдар иликтеши талапка ылайык. Эгер чын чыкса, анда жарым миллион доллар мөөнөттү узартып берүүгө шарт түзүп салганы түшүнүктүү болуп турбайбы?

Узартылган мөөнөттөн кийинки көз боемочулуктар

Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитети техникалык долбоорду иштеп чыгуу жана эксперттик тыянакты алуу мөөнөтүн дагы алты айга узартып берсе дагы, ал мөөнөттө да “Альянс Алтын” ЖЧКсы сапаттуу техникалык долбоор даярдай албайт. Компаниянын лицензиясын жокко чыгаруудан качуу үчүн Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик курулушка өкмөттөн тымызын буйрук келет. Ал буйруктун мааниси – техникалык долбоор ар кандай кемчиликтери менен макулдашылсын жана өтүп кеткен дата менен тыянак берилсин деген маанайда болот. Ал учурда премьер-министрлик кызматка Сапар Исаков, ал эми вице-премьерлик кызматка Д. Зилалиев отуруп калган.

Лицензиялык келишимдин шарттары боюнча компания техникалык долбоорго оң жагына чечилген экспертизалык тыянакты жана уруксат берилген документтерди алгандан кийин байытуучу фабриканы курууну башташы керек болчу. Эгерде компания бул мөөнөттө фабриканы курууну баштабаса, анда ал 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөө милдеттенмесин алган. Ал акчанын 70%ы республикалык бюджетке, 30%ы жергиликтүү бюджетке түшүшү керек болчу.

Бирок, “Русская Платина” ЖЧКсы фабриканы курууга акча каражатын таппайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары бир нече жолу жазышкан. Ал маалымат “Русская Платина” ЖЧКсынын өкүлдөрү тарабынан да россиялык “Ведомости” маалымат сайтына ырасталган. Андагы макалада “Жерүйдү” иштетүү дагы 2 жылга аркага жылдырылганы айтылган. Акча табуу үчүн “Русская Платина” China Gold деп аталган кытайлык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканы да маалымат булактарына жарыяланган. Ал кытайлык компания байытуучу фабриканы курууну каржылоону көздөгөн. Бирок, бул сүйлөшүүлөр да аягына чыкпай калган.

100 000 АКШ доллары өлчөмүндө айып пулду төлөөдөн качуу үчүн “Альянс Алтын” ЖЧКсы “капсула коюу” акциясын өткөрөт. “Капсула коюу” салтанаты 2017-жылдын ноябрь айынын аягында өтөт. Дал ошол убактан тарта компания эгерде фабриканы курууга киришпесе ай сайын 100 000 доллар айып төлөп турушу керек болгон. Бирок, алар ал айыпты төлөөдөн “капсула коюу” акциясы аркылуу буйтап өтүүнү чечишкен.

Бүгүнкү күндө “Жерүй” кенинде фабриканы куруу боюнча эч кандай иш жүргөн жок. Ошол эле убакта Өнөр жай, энергетика жана кен колдонуу мамлекеттик комитети жана Өкмөт тарабынан айыптык санкция төлөтүү чарасы көрүлгөн жок. Эмнеге? Айрым маалыматтарга караганда А. Ибрагимовдун уулу Шухрат Ибрагимов менен учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков достук мамиледе. Макалабыздын башында “Жерүй” долбоору боюнча кыргыз бийлиги менен мамилени жөнгө салуу милдетин А. Ибрагимов колго алганын айтканбыз. Кыязы, дал ошол үчүн бул компания азыркыга чейин айып төлөбөй келатат окшойт. Эгерде 2017-жылдын декабрынан баштап 2018-жылдын апрелине чейин деп эсептей турган болсок, анда айып пулдун суммасы 400 миң долларды түзөт. Эгерде айып салынса жана ал өз мөөнөтүндө төлөнбөсө, анда компаниядан лицензия алынып салынышы керек болчу. Бул норма КР Мыйзамынын “Кен тууралуу” 27-беренесинде жазылып турат.

Бирок, “Альянс Алтын” ЖЧКсы конкурстук шарттарда да, лицензиялык макулдашуунун шарттарында милдетин так аткарбагандыгына карабастан бир дагы мамлекеттик орган ага карата чара көрбөй отурат. Эмнеге? Балким, жең ичинен берилген миллиондор үчүнбү? С. Исаковдун А. Ибрагимовдун уулу менен достук мамилеси үчүн болуп жүрбөсүн? Эгерде ушул себептер үчүн гана эч кандай чара көрүлбөй келатса, анда мамлекеттин кызыкчылыгы тебелендиде калганы деп түшүнө беребиз го?

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу