Жемкорлор кекиртиктен илинүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков үгүт маалында айткан убадасына туруп,коррупцияга каршы күрөштү күчүнө киргизди. Бир чекеден айтсак, Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрүнө карата «аткезчилик» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелеринин негизинде иш козгоду.

«Ош» бажысынын өкүлдөрү маалымат системасы аркылуу фактуралык наркы 49 миң доллардан ашуун товарды ташып кирүүгө байланыштуу транзиттик дскларацияны негизсиз жүргүзгөн. Булиштин айынан мамлекетке 686 миң сомдук зыян келтирилген.

Экинчиси, Башкы прокуратура «маңзат кылмышына байланыштуу кармалган үч адамды коё берип, алардан алган далил затты жашырып койгон» деген шек менсн Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматыньш эки өкүлүнө карата «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызматынан аша чабуу», «пара алуу», «кылмышты жаап-жашыруу» жана «маңзатты мыйзамсыз сатуу» деген беренелсринин негизинде иш козгоду. Чүйдүн Сокулук районунда гашиш маңзатын автоунаага алмаштырып жаткан үч адам ошол жерден кармалып, милицияга алынып келген.

Кылмышка шектүүлөр Криминалдык милиция кызматында 11 саат суракта болгон, бирок кийин кайра коё берилип, алар кармалганы тууралуу маалымат эч жерге катталган эмес. Ал эми алынган маңзат жашырылып коюлган. Үчүнчүсү, Баткен облусунда ИИМдин 19 кг баңгизат ташьтп бара жаткан подполковниги кармалып, «баңгизаттарды мыйзамсыздаярдоо, алуу, сактоо, сатууүчүн ташуу» беренеси менен кылмыш иш козголду.

Маалыматка караганда, Криминалдык милнция кызматы менен Баңги-заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операция жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Ош-Баткен унаа жолунан милициянын подполковниги, Бангизаттарды мыйзамсыз «жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери А.А. айдап баражаткан «Хонда Инспаер» унаасы токтотулган.

Унааны тскшерүүучурунда ичинен жыты гашишке окшогон, баштыктарга оролгон 19 килограмм 650 грамм салмактагы зат табылган. Подполковниктин өзүнүн жанынан Баңгизаттарды мыйзамсызжүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкери деген күбөлүк, гашишти текшергич буюм табылган.

Булак: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу