Жемкорлор Жээнбековго рахмат айтышы керек!

Соңку тапта Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылып үйү тинтүүгө алынып, кайра-кайра суракка чакырылып жатканы кызуу талкууга алынууда.
Экс-мэрге олуттуу айып тагылууда: Кулматов “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун негизинде кытайлык ТВЕА компаниясы эки жаңы мектеп куруш үчүн бёрген 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз колдонгону айтылууда. Тагыраагы, К.Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда бул гранттык акчаны “шаардагы Калыс-Ордо конушундагы мектеп үчүн керек” деп өкмөттүн карамагынан шаардык мэрияга алып кеткен да, “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 миллион доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары, Калыс-Ордодогу мектепти аягына чыгарыш үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100
миллион сомдон ашык каражат да бөлдүргөн.

Кулматовдон чет жакка чыгып кетпөө боюнча тилкат алынды. Ал өзү козголгон кылмыш ишин “Атамбаевдин командасындагыларга карата саясий куугунтук” катары баалоодо: “- Бул акчаны биз, мэрия көргөн эмеспиз. Бул акчага ТВЕА өзү мектеп салган. Бул грант болчу. Гранттан бизге, мэрияга акча берилген эмес. Биз техникалык көзөмөл кылып, ал жакка коммуникацияны алып барганбыз. Мэриядан чыккан акча ушул эле болчу. Алар өздөрү компанияны тандап алып, өздөрү салган. Бүгүнкү күнү ушундай болуп жатат, кичине саясатка аралаштырып жатышат. Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Үйдү тинткенде эч нерсе табылган жок. Психологиялык кы-сым болду. Үйдө аялым, балам бар. Кошуналарды чакырып, тигиндей-мындай кылышты. Азыр Атамбаевдин айланасындагыларга “саясий куугунтук” болуп жатат”.

Мындан тышкары, ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенин да саясатка байланыштырууда: “- Менин Мамлекеттик бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени “кызматтан кет” деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Албетте, өлкө жетекчилиги ким кандай иштеши керектигин айта алат, бирок мага коюлган шарттар жаккан жок”.

Эске салсак, Кулматов экспрезидент А.Атамбаевдин эң сүйүктүү кадрларынын бири. Анын доорунда Бишкек шаарынын мэри, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы, Улуттук банкты төрагасы болуп, улам кызмат которуп, жыргаган. Мамлекеттик бажы кызматына 2017-жылдын декабрында андагы премьер-министр – Атамбаевдин дагы бир сүйгөнчүк баласы Сапар Исаков тарабынан дайындалган. 14-майда өз эрки менен кызматтан кеткен.

Бизде кимге кылмыш иши козголбосун, аны саясатка байланыштырууну адатка айлантып алышкан. Бирок, Кулматовго окшогон эски доордун калдыктарды бугунку тагдырына ыйлагандын ордуна, президент Жээнбековго ыраазы болуп, рахмат айтса жарашат. Сокенин мезгилинен айырмаланып, Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1 – бөлугун (коррупция) саясий оппоненттерине каршы аябай катуу пайдаланган. АШАнын тушунда мисалы, бул берене боюнча айып тагылган Нариман Тулеевди, Ахматбек Келдибековду көчөдө бараткан жеринен спецназды жөнөтүп, дароо каматышканын билебиз. Анда го ойдон чыгарылган жалаа жабылган. А азыр реалдуу жемкорлук фактылары турса да, камакка албай, Соке ашкере гумандуулук кылып жаткан жокпу?

Б.Батырбеков

Булак: “Майдан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу