Айчүрөк Иманалиева: «Тынч жашай албай калгансыңбы Анжелика? Энеден туума жылаңач сүрөткө түшүп атпадың беле…»

Эки күндөн бери маркум Муктар Өмүракунов менен ырчы Анжеликанын бирге түшкөн сүрөтү интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Сүрөт жарыяланган соң Анжеликага: «Сүрөттү эже тарткан» деп жооп кайтарган болсо, бүгүн Айчүрөк айым сүрөт боюнча өз оюн төмөндөгүчө: «Тынч жашай албай калгансыңбы Анжелика??? Мындан бир жума мурун Айчүрөк Анжелика ырдап атканда музыканы өчүрүп салышты деп жазышты. Каарандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чүйдөгө маани бербей эле коеюн дедим.

Эми интернетти аралап жүргөн сүрөткө мени күнөөлүү кылыптырсың. Мен сенин сүрөтүңдү сактагыдай, жакшы көргөн адамым белең. Сенден көңүл калган күнү эле баарын өчүргөм. Сенин сүрөтүндү көрмөк тургай, атыңды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайынды чыгарган айланаңдагы адамдардан изде. Жанында жүрүп билдирбей сатып кетчү адамдар болоорун билбейт окшойсуң. «Байке кымбат фотосессия жасатып бергени атат, чогуу барып, жардам бериңизчи» деп суранганыңда, макул болуп бир особнякка барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп, он минут эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп атыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам. «Менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар» деп фотографтарды урушкам.

«Бул сүрөт коомчулукка чыгып кетсе, сотко берем» деп коркутканыңды унуттуңбу? Ал үйдөн сени колуңдан  жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз да эмес, сен айткандай он жыл сактап жүргөн болсом, он- беш жыл мурда эле колдонбойт белем. Бөлөктүн тилин турмак , көзүн тийгизгенден  сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет!

Эми болсо интернеттеги сүрөттөрүңдү «Айчүрөк эже тарткан» дейсиң. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жүргөн адам менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшүп берет экен да. Жалганды да окшоштуруп айтчы. Сүрөт тарткандан көрө иштесе болмок деп айткан экенсиң, айланайын күлкүмдү келтирбечи, сендей кезимде эл аралык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жүздөн бир пайызын да жасай элексиң. Бишкектен чыкпай туруп сен мага көрсөтмө бербе. Музыкамды өчүрүп салды, антип койду, минтип койду деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланаңдагы адамдардын аксакалдарынын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп атабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайынды мындан ары да чыгара бер, мага бары бир!» деп билдирди.

Булак: Назарньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу