ЖЕЛЕК ТУРАТ, ӨЗҮ ЖОК! – СҮРӨТТӨР СҮЙЛӨЙТ.

 

Кечээ, 21-майда Cауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн ислам өлкөлөрүнүн башчылары жана АКШнын лидери катышкан саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин эмнеге барбай калганы коомчулук арасында табышмак бойдон калууда.

Кошуна Казакстан, Тажикстан, ал түгүл кечээ эле президентикке келген Өзбекстандын башчысы катышкан саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин барбай, ордуна вице-премьер-министр М.Абулгазиевдин барышы коомчулукта күдүк ойлорду жаратууда. Ошол эле учурда интернет колдонуучулардын айрымдары тарабынан “Атамбаев ыр чыгаруу менен алек болуп калып колу бошобой калган”, “ал жерге ичкендерди чакырбайт экен”, ж.б.у.с чын-төгүнү, какшык аралаш пикирлер жазылууда.

Кошуна өлкөлөрдүн лидерлери АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп менен чайлашканча Арабия менен ар кандай кызматташтык сүйлөшүүлөрдү, макулдашууларды жүргүзүп, өз ара жыргашып олтурган фотолоруна “а биздин президент эмнеге жок?” деген суроолор да көп жазылууда.

Ошол эле учурда Тажикстандын президенти Э.Рахмон менен Д.Трамптын учурашуусунун фонунда Кыргызстандын желеги кошо турган сүрөт жарыяланып, демек, Атамбаев деле чакырылганын, бирок, эмнеге барбай калганын суроо салышып жазган пикирлер да аз эмес.

21-май деген күнү А.Атамбаев “Энекем” деген ырын интернетке жарыялаган. Демек Алмазбек Шаршенович Ажолор чогулган жерден качып, шоу бизнестен ордун тапканга аракет кылып жүргөн десек туура болобу?

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу