Жездесин сүйүп калган балдызы, ага төрөп берди

Үй — бүлөлүк жашоодо ар кандай окуялар болуп турат эмиспи. Башынан өткөн тагдырын, кетирген катасына бармак тиштеген Ляззат, башка кыздарды да мындай ката кетирбөөгө, жалган сезимге алданбоого  чакырып  отурду. Казакстандын Жезказган шаарчысынан келген кыз жездесин сүйүп калып, ага уул төрөп берген. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Ляззат университетке тапшырганда, анын эжеси Алматылык жигитке турмушка чыккан. «Жезказганда төрөлгөм. Менден 4 жаш улуу  эжем  экөөбүз  батирде турчубуз.  Ал иштечү, мен окучумун. Айлыгынын жарымын мага коротчу.  Анын арты менен менда кийинип алчумун. Ошол жылы ал жакшы жигитке жолугуп, турмушка чыгып кетти. Жолдошунун жумушу, Алматыда үйү бар, келишимдүү жигит эле. Бир аз убакыт алар, ата-энеси менен турушуп, кийин бөлүнүп кетишти.

Мен болсо, кыздар менен батирге чыгып кеттим. Кийинчерээк эжем, менин келишимди талап кылып эле, батирдин акчасын кантип төлөйсүң деп аяп жатты. Эжемдин камкордугуна көнгөн жаным, көп ойлонбой макул дедим», — деп айтты Ляззат.

Анын айтымында, жездеси абдан сүйкүмдүү, бою узун жигит болгон. «Мага ал абдан жакшы мамиле кылуучу. Барган сайын мен да аны жактырып бараткандыгымды байкадым, бирок, канча аракет кылсам дагы сезимимди өчүрүүдөн майнап чыкпады.  Жездемдин эжеме жасаган мамилеси, аны аяганын көрүү  — мага кыйноо болчу. Мага да жакшы мамиле кылуучу,  анын да мага өзгөчө сезими бар экендигин байкап жүрдүм. Анын жанында абдан жарашыктуу кийинип, боёнуп жүрчүмүн.

Ошол убакта эжекемдин боюнда бар эле. Ал байкуш сиңдиси ушундай чыккынчылык кылаарын ойлогон да жок.  Бир жолу жездем жумуштан эрте келди. Эжем жумуштан келелек болчу, декретке чыкканга даярданып жүргөн. Жездем болсо, бөлмөдөн-бөлмөгө кирип, кызыктай эле болуп жатты. Мен да бетме-бет келе калгандан качып, ашканага кире качтым.  Бир убакта ал мага келип, мага болгон сезимин билдирди.  Ошентип, бир нече жолу айтты. Мен сүйлөшкөндөн качып, үйгө да келбей  жүрдүм.  Бирок,  акыры  кантип  «андай»  жолго барганымды элес да албай калдым», — деп сөзүн жыйынтыктады кыз.

Ошентип, Ляззат боюнда болуп калып, аны жездесине айтат. Ал убакта эжеси да уул төрөгөн кези болот. Бирок, негедир  жездеси аборт кылууга каршы чыгат.

«Жездемдин кыстоосу менен эжекеме, боюмда бар экенин, бирок, атасы ким экенин  билбестигимди айттым. Ошентип, мен дагы уул төрөдүм. Тез эле биздин бактылуу күндөр акырына чыгып, бир күнү эжекем сүйлөшүп жаткан сөзүбүздү угуп, кылмышыбыз  билинди. Башында ал ишене алган жок. Мен актанган менен айла жогун түшүндүм да, баламды алып үйдөн кетип калдым. Ата-энемдер да баарын билишти. Алар келип эжекемди алып кетишти. Мени болсо жашоолорунан чийип салышты. Жакын адамдарыман тирүүлөй айрылып калдым. Мен азыр жалгыз калдым. Ушундай абалда калышыма жездем да күнөөлүү. Кыздарга айтаарым мендей ойлонбой туруп бактыңарга балта чаап албагыла».

Нурайым Рысмамбетова

Булак: Чагылган 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу