Жаңы үч министр ант берди

Жогорку Кеңеште жаңы шайланган министрлер Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Жаманкулов жана Улукбек Кочкоровдор ант берди. Ант берүү аземине президент, премьер-министр жана парламент депутаттары катышты.

Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине 17-октябрда дайындалган. Мурдагы министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 25-октябрда дайындалган. Бул министрликти жетектеген Таалайкүл Исакунова кызматтык сапарларына байланыштуу чырдан кийин иштен кеткен.

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп 26-октябрда дайындалды. Мекеменин ага чейинки башчысы Султан Жумагулов 8-октябрда 59 жашында каза болду.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу