Жаңы мыйзамдын элге жугумдуулугу канчалык?

2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдардын ичинен жол эрежесин бузгандарга жана коомдук жайда түкүргөндөргө салынуучу айып пул кызуу талкууга алынып жаткан убагы. Коомчулукта ача пикир жаралып: жол эрежесин бузгандарга кандай айып салсак да жарашат, бирок түкүргөн адамга айып салуу өтө аша чапкандык дешсе, айрымдары туура эле мыйзам, ансыз шаарыбызды таза сактай албайбыз дегендер да көп. Өзгөрүүгө карай кандай жол болбосун, артынан сын айтылып тураары маалым эмеспи. Жаңы жылда элди ар кыл талкууга салган айып пулдар боюнча биз да сурамжылоо кылып көрдүк. Тынчтыкбек Чоротегин, коомдук ишмер

– Жөн түкүрүп алган – сабатсыздык, маданиятсыздык. Атайылап түкүрсө – бейбаштык. Айырмасы бар. Ак үйдүн алдында түкүрүп айбат кылган жигит, төлөнө турган айып пулду даярдап алыптыр. Демек, мыйзам бузганын билет. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мырза эч түкүрүнбөй эле ар кыл нааразычылык иш-чараларын мыйзам чегинде өткөрүп келди. Ал ММКлар аркылуу өз оюн дүйнө жүзүнө жеткирди. Мыйзам маданияттуу болууга чакырып жатат. Балким, айыптын көлөмүнө нааразылар бардыр, бирок коомдук жайда түкүрүү – жосунсуз жүрүү экендиги шексиз. Кыйналып ооруп жаткан киши түкүрүк үчүн күлтүк түкүрүк ала жүрөт. Оозун да марли менен жаап алат.

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты

– Мыйзам күчүнө кирди. Аны аткарганга баарыбыз милдеттүүбүз. Бир аз убакыт өткөндө билинет, кайсы жерин өзгөрткөнгө зарылчылык бар экени. Бирок, негизи туура эле. Эми ишке ашышы жана айып көлөмү боюнча маселе бар. Мактаган Сингапурда да сагыз чайнаганга да чоң штраф болгон.

Айылчы Сарыбаевв, экономист

– Бул мыйзам сөзсүз керек. Бирок, экинңи тараптын жоопкерчилигин да ошончо көтөрүш керек. Болбосо, бир дарбазалуу футбол талаасына ок-
шоп калыптыр. Жазалоо деңгээлин көтөрүш керек. Кассирлер отур-ган машиналарды конфискациялап өзүн-өзү 10-15 жылга кесиш керек. Куткарган сотторду атыш керек. Атууну алып салган юрист сөрөйлөр-дү өлкөдөн кууп жибериш керек.

Нурбек Алимбеков, ЖКнын депутаты

– Мен баарын колдойм. Толук даяр болбосок дагы бапггалганы туура. Ал эми кемчилик бардык нерседен чыгат. Бара бара кемчиликтер түзөлүп кетет.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу