«Жаңы муунчулар» авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 14 мартта учак кыйраткан жерге беш жүздөй адам чогулган, айылдын тургундары жыйын өткөрүшүп бийликке нааразы экенин билдиришти.  Алар элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап, жазалоо талаптары жазылган кайрылуу кабыл алышты. Президентке, спикерге жана өкмөткө жолдогон кайрылуу он беш пункттан турат жана талаптар он күн аралыгында аткарылышы керектиги белгиленген. Талаптар аткарылбаса митингге чыгабыз деп айтышты.

Дача Су конушунда 500гө чамалуу адам митинг өткөрүп, ал жерге «Жаңы муун» саясий кыймылынын өкүлдөрү Мавлян Аскрабеков, Айбек Мырза, Максат Казакбаевдер катышып келишти, айылды башка жака көчүрүү керек экенин билдиришти.

Эсиңерге салсак, 16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына «Боинг-747-400″ жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча 96 миллион сомдон ашуун акча чогулду. Каражат топтоо уланууда.

Кулаган учак Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык болгон. Аталган ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүгө убада кылган. Бирок, азырынча акча бериле элек.

Булак: Искра.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу