Жаңы жылдык эс алуу күндөрү такталды

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сунушун өкмөт колдоду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргызстандыктар келерки жылы январдын башында жети күн удаа — 1нен 7сине чейин эс алышат. Ошондой эле май айында да төрт күн – 9-12-май катары менен расмий түрдө дем алыш болот.

Бул күндөр 25-февралга, 8-апрелге, 2-сентябрга жана 6-майга туш келген дем алыштардын эсебинен алынды, андыктан алар иш күнү болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу