Жаңы жылдан кийин Ташиев кызматка келерин кыялданып, көңүлү ток

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жандоочусуна айланган Камчыбек Ташиевдин көңүлү ток. Жаңы жылдан кийин кызматка бара турганын тар чөйрөдө каңкуулап, кымыңдап жүргөнүн эшиттик.

Башта Камчыке «кызмат үчүн эмес, элдин биримдигин ойлоп, бийлик талапкерин колдоп чыктым» деген маанайда билдирүү тараткан. Бирок, саясатта жүргөн адамдар креслого отурбаса ооруп калышат эмеспи. Жаңы президенттин такка отурушу менен Ташиев кандай кызматка келерине акыры күбө болобуз. Ал эми азырынча болсо, алдыртан эле жогору жакта «устукан» тандоо машакаты башталыптыр.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу