Жаңы жылга чейин эмнелерди аткаруу керек?

1.Эң алгач карыздардан кутулуңуз

Жаңы жылдан кийин финансы тараптан кыйынчылык болбош үчүн, эң алгач эле карыздардан кутулуу керек.Анткени, жаңы жылды кандай тоссон, кийинки жыл дагы, дал ошондой жемишин берет деген жөрөлгө бар.

2.Күзгү, терезелериңизди жууп тазалаңыз

Үйүңүздөгү керексиз, бардык буюмдарды ыргытып жибериңиз. Анткени эски буюм-теримдерде жаман энергиялар сакталып турат.

3.Эгерде бирөөнү капалантып алсаңыз, андан кечирим сураңыз

Чындап эле бирөөгө таарынып же сиз бирөөнү капаланткан болсоңуз, анда тезинен андан кечирим сурашты унутпаңыз. Себеби, жаңы жылды жакшы ниет менен тосуу керек.

4.Жыл жыйынтыгын чыгарыңыз

Отуруп алып, өзүңүз бир жыл бою эмнелерди жасадым, кандай жетишкендиктерге жеттим, дагы эмнелерге жетпей калдым деп анализ жүргүзүңүз.

5.Келерки жылга отуруп, план түзүңүз

Мисалга, бул жылы үлгүрбөй, аткарылбай калган нерселерди келе жаткан жылы деле бүтүрүүгө болот.

6.Белектерди камдаңыз

Жаңы жылда жакындарыңыздын маанайын көтөрүү үчүн, аларга жага турган белектерди камдап коюңуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу