Жаңы ажоого ат арытып алыстан кат келди

Сооронбай Жээнбековго кат!!!

Саламатсызбы биздин жаңы ажоо! Сиз бийликтин күчү менен ажоо болдузбу, же эл шайладыбы эми баркы жок. Сизден суранарыбыз, сиз эми кеткен ажоонун жолун улабай өз акылныз жана ыйманыңыз менен иш уланатың! Элдин кайрылуусун четке какпай! Өз мөөнөтүңүз бүткөнчө! Эски бийликтин маскасын чечиңиз! Кыргыз эли кыйналып кетти бизден жакшы билесиз!   Карапайым эл каяка барат коррупция күчөп турса! Өз чөйрөңүздөн баштап тазалап! Исхак ага айткандай » Мен таза болсом, сен таза болсоң, анан коом таза болот» дегендей. Элге бир пайдалуу кызмат кылсам деп убада бердиңиз, эми ошол убадага туруп элди кыйынчылыктан алып чыккан болсоңуз кудай да берерин унутпайт. Бул жашоого бир эле келебиз!    Тагдыры оор үй бүлөөлөр, майып, жесир-жетимдер, оруулу адамдар көбөйдү. Ошолордун бир көксөгөн мүдөөсүн аткарсаңыз. Турмуштун оор кырдаалын жөнгө салып. Мигрант деп аталган мигранттарды өз мекенине кайтарып жакшы жашоо тузүп берип.  Айта турган сөз эле айтылса да туура кабыл алыңыз. Мекенди көрбөй жаш улан кыздар белгисиз себептен курман жана майып болуп кетүүдө. Канча жаш улан кыздардын каза болуп мекенге табыты кетип жатат. Ар бир айда үчтөн экиден бирден макумду жөнөткөндө биз сай сөөбөгүз сыздап кабыргабыз кайышып отурат. Ошол калдайган ящикти тосуп алып жаткан ата эне да сыздап жатат. Биз бул турмушта башка бай  мамлекетте жашагандай  жашоону  каалайбыз. Ар бир кеткен табыт тосуп алганда сиз да өз жакынызды жоготкондой жүрөгүңүз сыздап туйса экен. Ошол маркум болгон уул кыздарыбыз мүнкүн өзүбүздө жакшы жашоо болгондо эл арасында тирүү жүрөт беле. Жаш кабыргасы ката элек улан кыздар орустун кылбаган ишин кылып ата энесин багууда.  Жаш муундар өз өлкөбүздө иштеп. Келечекте бир чон жумуш ордуларын таап үй бүлөө күтсө. Биз кыйналгандай алар да кыйналбаса деген ой. Жакшылык үмүт менен баккан ата эне, көз жашын көлдөтпөй, уул кыздарынын үзүрүн көрүш, ата энеге сыймык болсо керек.  Жалган жерден камалган атуулдары бошотуп! Аларга өз укугун кайтарып берсез. Аларда эл жашаган жашоодо өз ордун таап үй бүлөөсү менен бактылуу болүп жашасын. Сизге алар колунузду узатып коррупцияны жок кылып ак эмгек өтөп берет деген үмүт чоң. «Ак ийилет бирок сынбайт» дейт кыргызда. Жаны жашоо жаны кадам таштап, мамлекетке жакшы кызмат кылууңузду калайык калк суранып кетет  эле. Башка мамлекет сыяктуу гүлдөгөн мамлекет болсо дейбиз. Баткакта жаткан кыргыз элин сууруп чыгып  гүлдөгөн мамлекетке айлантың. Соолуп турган гүлгө суу куйсаң тирилтип жан бергендей, кыргыз элин жандантың. Элдин саны көбөйсүн эл өнүксүн деп ак батта менен жол улаң. Ишенип алты жылды колунузга алып олтурасыз. Ошол ишенип  тапшырган элдин добушун актап бериңиз.    Ушул жылы Каримов каза болгондо ар кандай ушак сөз болгон ошондо ар мамлекет Өзбекстанга кандай ажоо келет. Каримовдун жолун улаган бир ажоо келет деп ойлогон. Бирок андай болгон жок! Ал киши өзү өстүргөн адам боорукер чыгып элдин батасын алууда. Шакирти устаттан алган кадамын башка жол менен баштаганы баарык мамлекетти таң калтырды.  Сиз да ошол адамдай жол баштап башка мамлекетти таң калтырсаңыз,  элдин мүдөөбүн аткарып алкышка татыйсыз.  Бата алып калың элден алкыш уккан эл уулу болуң! «Эл уулу болуш кымат ата уулу болуш урмат» дейт кыргыз элинде. Бата менен эл көгөрөт жамгыр менен жер көгөрөт! Ар бир айтылган сын пикирлерди туура кабыл алың! Чек ара маселсин чечип. Кеткен ажоонүн катасын түздөң. Биринчи көч каяка барса экинчи көч ошол жолду улантат болбой,  жаңы көч менен жол улаң. Мээнет кылсаң элиңе атын улук болот. Жеп ичип элдин ырыскысын түгөтсөң каргыш урат дейт. Кудайга жага турган иш тутуң! Бейпил жашоо алып келин кыргыз элине! Бари бир жегендин кусмайы бар бул дүйнөдө болбосо да тиги дүйнөдө. Болбосо балдарын тартат азапты бир күн дейт. Душман сүйдүрүп  айтат дос күйдүрүп айтат. Бардык ой толголорду жеткире албасак да бир уучун жеткирелик деп чечтик. Аз да болсо катты туура кабыл алып койюң.  Сизге ишиңизге ийгилик каалап калың элдин атынан кат жөнөтүп отурабыз!!! Сизди урматтоом менен мекендешиңиз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу