Жаш саясатчы, белгилүү оппозиционер Мелис Аспеков эркиндикке чыкты

Жогорку Соттун чечими менен “Мекенчил”  саясий партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду (Условно досрочное освобождение). Бул  кабарды, Мелистин жактоочусу Динара Медетова биздин  редакциябызга кабарлады.  Аспековдун өзү менен байланышка чыкканыбызда, төмөндөгүдөй жооп берди:

“Жасалма иш ойлоп тааап, «таксиге 100 сом акча төлөгөн жоксун»- деп мени 5 жылга эркимен ажыратышкан. Жаза аткаруучу жайларда жүргөнүмө эки жыл болду. 2016 жылы чыккан мунапыстын негизинде жалпы мөөнөтүмөн бир жарым жыл кыскарды. Эки жылдын ичинде бир дагы ички тартипти бузган жокмун, ошондуктан мөөнөтүмөн  мурда бошогонго убакыт эчак эле келген, бирок, райондук прокурор себепсиз каршычылыгын көргөзүп жатып, мени бошотпой жатышкан. Айла жоктон Жогорку Сотко кайрылганга мажбур болдум”.

Эскерте кетсек, Мелис Аспеков азыркы камакта жаткан Садыр Жапаров менен бирге “Мекенчил” партиясында теңтөрагалык кылып келет жана Жапаровдун эң жакын адамдарынын бири болуп саналат. Убагында бир топ жаш балдардын башын бириктирип “Жаңы Муун” кыймылын түзүп , бир топ саясий процесстерди жаратып, бийликтин тынчын алган жарандык активист десек болот.

Мелис эркиндикке чыккан соң, партиянын иштериндеги жанданууга күбө болушубуз толук мүмкүн, ал эми аны убакыт көргөзөт деп ишенели.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу