Жаш саясатчылардын көрүнүктүүлөрү кызматтарга тартылууда

Мурдагы бийликке сын айтып жүрүшкөн Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Тимур Саралаев өңдүү жаш саясатчыларга майлуу-сүттүү кызматтардан ыроолонору күтүлүп келген (кокус бир айга чейин мамлекеттик кызматтардан орун алышпаса, анда эле…). Болжонгондой эле Мавлян мырза Биринси Май районуна акимдин орун басары болду. Эске салсак, президент Жээнбеков жай аптабында кырк чакты активисттер менен бейөкмөтчүлөрдү кабыл алып, кызматташуу боюнча баарлашкан. алардын көрүнүктүүлөрү эми кызматка тартыла башташса, оппозициялык жээк алсырап калабы? «Түгөнгөн сайын түтөгөн» деген кеп кыргыздарга бап келет эмеспи. Эдил, Адил, Мавляндар убактылуу чегинишсе, башкалары чыгышат. Негизи оппозициялык кыйкырыктар коомчулукта болуп турбаса, бийликтин алдыга жылышы болмок беле? Ансыз да кадр саясаты аксап, артка кетип атсак.

Кубат Карачев

Булак: «Азия Ньюс»  

Аргумент.kg
Жооп калтыруу