Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер…

Кышкы сырткы кийимдер биздин жашыбызды бир топ улуу көрсөтөрү чын. Бирок -30 градуста да он жашка жашарып жүрүүгө болот экен.

Түрлүү-түстүү тон

Ушул жылы түрлүү-түстүү ичиктер модалуу болорун билет чыгарсыз. Ал кийимдерди кийсеңиз жашара түшөсүз жана трендде болосуз! Жаркыраган кийимдер адамды жашартары белгилүү, болгону аны туура тандаганды үйрөнүңүз. Эгер, тандаган кезде кыйналсаңыз, шарф же баш кийимиңиздин түсүнө ылайыктуусун алыңыз!

Пальто-халат

Бул кийим өзүнүн жашын гана эмес, формасын жашыргысы келген аялдар үчүн эң жакшы тандоо. Пальтонун да ачык түсүн тандасаңыз, өкүнбөйсүз! Ал образды, сулуулугуңузду ачып турган аксессурлар менен толуктаңыз!

Оверсайз күрмөсү

Ыңгайлуу жана модалуу күрмөлөр акыркы жылдары трендден түшпөй келет. Ар бир жаштагы кыз-келиндерге жарашыктуу келген бул күрмөлөр менен чыныгы «модницага» айланууга болот. Ошондой эле, шым менен да юбка менен да айкалышат.

Парка

Күрмө сыяктуу жылуу жана ыңгайлуу парканын жакасы ичиктен болсо жакшы. Ошондо ал баалуу жана модалуу болуп көрүнөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу