Жаш күйөөгө тийген аял жашарабы?

«Сүйүү жаш-карыга карабайт» деген сөз бар. Бул сөздүн чындыгын турмуштан кезиктирип да жүрөбүз. Эгер аялы күйөөсүнөн улуу болгондо кандай нике болот?

Оң жагы:

Күйөөсү жаш аялдын картаюусу жайлайт. Сырткы энергия ички сулуулукка таасир этет. Жыйынтыгында, аял курагынан жаш бойдон жүрөт.

Аял жашы өткөн сайын акылдуу жана оор басырыктуу болуп калат. Бул нерсе никеде чыр-чатактын жакшы жол менен чечилишине себепчи болот. Демек, аялы күйөөсүнөн улуу болсо, нике туруктуу болот.

Жубайлардын сексуалдык жашоосу жогорку деңгээлде болот. Анткени эркектин төшөккө болгон активдүүлүгү 18-20, ал эми аялдыкы 30-35 жашында күч алып, аял жашы өткөн сайын ачылат.

Күйөөсүнөн улуу аял дайыма өзүнө каранып, күйөөсүнүн жаш курагындай көрүнүүнү самап, өзүн татыктуу алып жүрөт. Жигердүүлүк менен окуп, заманбап нерселерди үйрөнүүгө умтулат.

Терс жагы:

Мындай мамиледе аял жаш күйөөсүнө кам көрүп, лидердик позицияны ээлейт. Мындай кырдаал айрым эркектерге жагып, жеңил жашоого көнүп алышса, кээси бара-бара үйдүн башчысы болгусу келип үстөмдүк кылып чыгышат.

Эркектин ата-энеси тараптан (өзгөчө энесинен) терс мамиле болушу мүмкүн.

Жаш мырзанын жанында жүргөн аялга кайда болбосун «апасысызбы?» же «эжеси болосузбу?» деген суроолор ыңгайсыздык жаратат.

Мырзадан улуу аялда дайыма кызганыч сезими болот. Күйөөсүн жаш кыздарга кетип калбайбы деген коркунуч менен жашайт.

Мындай никеге аялдын байлыгына кызыгып, каржы жагына карап барган эркектер болот. Алар аялдын эсебинен жашап, күнүмдүк көңүл ачууну көздөшөт.

Эгер аял 5-7 жаш улуу болсо:

Жубайлардын ортосундагы айырма бештен жети жашка чейин болсо, алардын талаптары, кызыкчылыктары окшош эле болот. Керек болсо айланасындагылар алардын жаш айырмачылыгын сезбей да калышат. Анткени көпчүлүк аялдар жаш жана энергиялуу болуп, сексуалдык активдүүлүгү көп учурда туура келет.

8-12 жаш улуу болсо:

Аял эркектен 10 жаштай улуу болгондо күйөөсү менен коомчулуктун алдына чыкканда өзүн ыңгайсыз сезип, жаман болот. Бирок чыдамдуулук, акылдуулук, чыныгы сүйүү кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет.

16 жаштан өйдө болсо:

Мындай никеге өзгөчө кичине кезинде энелик мээрим, камкордуктан тышкары калган эркектер барышат. Ал аялынан качан болбосун мээрим талап кылып турат. Тилекке каршы, мындай жаш айырмадагылардын байланышы көпкө сакталгандары сейрек.

 

Ортоңуздардагы жаш айырма кандай учурда билинет?

Айчүрөк Иманалиева: «Таалайды такыр кызганбайм деп айта албайм»

– Таалай экөөбүздүн баш кошконубузга 22 жыл болду. Кудайга шүгүр, үч баланын ата-энесибиз. Ортобузда 5 жаш айырма бар, бирок бизге ал нерсе сезилбейт деле. Экөөбүз тең ортодогу жаш айырманы жашырбай ачык эле айтабыз. Биз таанышканда жашыбызга маани берген эмеспиз, мен Таалайдын билимдүүлүгүн сүйгөм. Аны менен бардык темада сүйлөшсө болот, түшүнүгү кенен. Ал заманбап, шаардык бала, эч качан калп айтпайт. Тирүү адам болгондон кийин кызганыч болот, мен Таалайды такыр кызганбайм деп айта албайм. Кызганыч бар, бирок чеги менен. Менин да күйөрмандарым бар, Таалай да аны туура түшүнөт.

Элмара Турсуналиева: «Жолдошум менин телефонумду текшерип турат»

– Биз үйлөнгөн эки жылдан бери кызыбыздын бактылуу ата-энеси болуп, бакубат жашап жатабыз. Мен жолдошумду эмес, ал мени кызганат. Досторумдун баары билишет, менин телефон чалууларымды текшерип турат. Бир жакка өзү алып барып, өзү алып келет. Жалгыз эч жакка басмай жок, дайыма жанымда жүрөт. Көз карашыбыз эки башка болгон учур болуп калат. Мисалы, жолдошум кечинде баарыбыздын үйдө олтурганыбызды жакшы көрөт. Мен болсо жумушума байланыштуу концертке, андан кийин банкетке барышым керек болот. Булар ишимдин бир бөлүгү да. Ошондо: «Сен иштеп бүтпөдүңбү, эмне кереги бар?» — деп баштайт. Ойноп күлгөндү жактырбаган, олуттуу адам. Түшүнүгү терең болгондуктан бири-бирибизге дал келишебиз.

Нурзат Токтосунова: «Кичүү жигитке деле турмушка чыкса болот экен»

– Максат менден кичүү болсо да, кээде аялдык кылсам жакшы кеңеши менен мени токтотуп коёт. Жаш күйөөгө тийсе жашарат деген сырттагы адамдарга байкалды окшойт. Анткени абдан көп комплименттерди угуп жатам. Үйдөгү көйгөйдүн баарын Максат чечет. Негизи эркек таап келип аялды багыш керек. Аны менен кошо жарышып «мен кыйынмын» дегенден алысмын, бара-бара бардык нерсени Максатка өткөрүп, өзүм ашканада, бактылуу аял болуп балдарды карап олтурсам дейм. Көз караштарда дал келбөөчүлүктөр болот. Ал жаштыгы, курчтугу менен бир нерселерди айтканда, мен тажрыйбага салам. Жаш экени, албетте, байкалат. Мага караганда абдан шайыр, чуркап ойноп шаштымды кетирет. Аялзаты «эл эмне дейт, кабыл алабы, кабыл албайбы?» деп коркпой эле, эгерде сүйүүлөрү күч болуп, бирин-бири сыйласа өзүнөн кичүү жигитке деле турмушка чыкса болот экен.

Алина Жетигенова: «Чыныгы сүйүү болсо жашынын айырмасы тоскоол болбойт»

– Эржан экөөбүздүн жаш айырмабыз сыр бойдон эле калсын. Биз 28 жылдан бери бактылуу турмуш кечирип келе жатабыз. Эржан экөөбүз үй-бүлөгө бирдей жоопкерчиликтүүбүз. Ал мага колдоо көрсөтүп, чыгармачылыгымды түшүнгөн үчүн ырдап келе жатам. Эркектин түшүнүгү жогору болушу шарт. Башкысы, эки адамдын ортосунда чыныгы сүйүү болсо эле жашынын айырмасы тоскоол болбойт.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу