Бекем жана берекелүү үй-бүлө 4 нерсеге негизделет: сүйүү, сыйлашуу, ишеним жана чыдамдуулук. Ошондуктан эки жаш бул төртөөнүн бири-биринен ажырабашын көзөмөлдөө керек.
Бири-бириңиздин катачылыктарыңызды кечирүү менен караңыздар.
Жалаң гана физикалык эмес, руханий жактан өтө жакын болуңуздар (сырлашуу, акылдашуу, кеңеш сурап ж.б.).
Мамилеңиздерге эч кимди аралаштырбаңыздар.
Бири-бириңиздин кечилигиңиздин башкалардын көзүнчө айтпаңыздар.
Бойдокчулук жашоодогу «мен» дегенди унутуңуздар. Эми сиздер бир үй-бүлө болдуңуздар. Ошондуктан бардыгы эми жалаң «биз», «биздики» деген сөздөр менен байланыштуу.
Обу жок кызганычка жол бербеңиздер.
Эки жактын ата-энесин, тугандарын бирдей сыйлаңыздар.
Оройлук менен одоно кетүү үй-бүлөнүн бузуп, мээримдүүлүк анын болоттой бекем болушунун бир ачкычы.
Үй-бүлөлүк өмүрдө эркек менен аял өз милдеттерин толук, адал аткармайынча бакытка кол жеткире албайт.
БУЛАК:zaman.kg