Жаш жигит бейтааныш кыздын өмүрүн сактоо үчүн бөйрөгүн берди

Казакстандык Абзал Эдилов бөйрөгүн шымкенттик Жамила Байсериковага аттуу кызга бөйрөгүн берип, операция ийгиликтүү аяктаган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Учурда Абзал дарыгердин көзөмөлүндө Алматы шаарында турат. Ал эми Жамила оорканада. Жаңы бөйрөктү организми кабыл алуу үчүн дагы бир аз убакыт керек.

Абзал Эдилов Орал облусунун Акжайык районунун Алмалы айылынын тургуну. Карапайым үй-бүлөдө туулуп өскөн. Жамила тууралуу маалыматты телевидения аркылуу билип, анын оорусу жүрөгүн ооруткан.

“Өзүм карапайым адамдын үй-бүлөсүнөнмүн. Кесибим –курулушчу. Былтыр телевидениеден Жамила Байсерикованын оорусу тууралуу көрүп калдым. Эки бөйрөгү бирдей иштен чыккан экен. Анын ата-энесинин донорлук бөйрөк сатып алууга акчалары жок экен. Өз бөйрөгүмдү беремин деген чечимге келдим. Жамиланын оорусу менин жүрөгүмдү оорутту. Анын башына келген оору өз башыма келгенде кайдан акча табам билбей ойго баттым. Ата-энем менен кеңешип, интернет аркылуу Жамиланы издеп таптым. Аны менен бир аз сүйлөштүм. Кийин аны менен кезигип, бир бөйрөгүмдү берүүмдү айттым. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Эч нерсеге өкүнбөйм”,-деди Абзал.

Булк: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу