ЖАШТЫКТЫ САКТООЧУ 10 СУУСУНДУК

Илгертен эле жаштыкты узакка сактап калуу маселеси адамзатты ойлондуруп келген. Андыктан бул тема жомоктордо да чагылдырылган. Жомоктон бүгүнкү реалдуу турмушка кайтсак, карылык менен күрөшүүчү пайдалуу суусундуктардын саны бир топ.

СУУ-  Тери жылмакай көрүнүп, серпилгич жана жумшак болушу үчүн, албетте, ага нымдуулук керек. Буга болсо суу жардам берет. Суунун өлчөмүн адам салмагына, физикалык активдүүлүгүнө жана жыл мезгилине жараша ичүүсү зарыл. Бирок кандай болгон күндө да күнүнө 8 стакандан кем болбоосу керек. Суу мээнин жакшы иштешинин өбөлгөсү экенин да эскертебиз.

КОФЕ-  Күнүгө 1 кружка ичилген кофе залалдуу жана залалсыз шишик ооруларына кабылуу коркунучун 10 пайызга азайтат. Бул курамындагы кофеиндин рактын жаралышына бөгөт койгон касиетинен улам. Бирок кофени ашыкча ичүү да зыян экенин эстен чыгарбаңыз.

ШАРАП АЗ ӨЛЧӨМДӨ ПАЙДАЛУУ- Окумуштуулар аз өлчөмдөгү ичимдик, тагыраак айтканда, 1 күндө аялдар үчүн 1, ал эми эркектер үчүн 2 бокал шарап мээде болуучу өзгөрүүлөрдүн алдын аларын айтышат. Башкача айтканда, эрте алжып калуудан сактайт. Айтылган өлчөмдөн ашыкча ичүү, тескерисинче, баш мээнин клеткаларын өлтүрөт.

КЫЗЫЛЧА ШИРЕСИ-  Кан тамырларды кеңейтип, кандын жүрүшүн камсыздайт. Андыктан клеткалар кычкылтек менен жакшы камсыздалат, мээ да жакшы иштейт.

АПЕЛЬСИН ШИРЕСИ- Ширесиндеги лютеин көздүн курч болуусун камсыздайт. Эгер бул зат жетишсиз болсо, анда адамдар 60тан өткөндө сокур болуп калышат.

САБИЗ ШИРЕСИ- Ширесиндеги лютеолин заты аллергияга, сезгенүүгө жана ракка каршы касиетти алып жүрөт. Альцгеймер оорусунан жана унутчаактыктан сактайт.

КАКАО Какао – бул курамындагы флавоноиддердин арты менен кан тамырларды картайтпай кармап туруу касиетине ээ. Ушунусу менен кан басымдын, атеросклероздун жаралуусуна бөгөт коёт.

ГРЕЙПФРУТ ШИРЕСИ Аталган жемиштин ширесиндеги ликопин заты терини картаюудан, күнгө күйүүдөн сактайт.

КӨК ЧАЙ Бул суусундук жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайта турганы менен баалуу. Курамындагы фтор тишти бекемдеп, кариестин алдын алат. Антиоксиданттар болсо организмдеги клеткаларды бузулуудан сактайт.

СОЯ СҮТҮ Соя сүтүндө (соевое молоко) изофлавондор бар. Изофлавондор тери серпилгич жана чоюлчаак болушу үчүн териге коллагенди иштеп чыгарууга жардам берет. Мындан тышкары климакс менен күрөшүүдө таасири чоң. Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жана зат алмашууну жакшыртат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу