Жаштыктын жана бактылуу өмүрдүн сырлары

Ар бир адам жаш жана сулуу бойдон калгысы келет. өзгөчө айымдар арасында бул түшүнүк абдан өнүккөн жана алар дайыма өз курагынан бир топ жашка кичүү көрүнгөндү жактырышат. Анан да ар бирибизге айланадагылардын ою абдан маанилүү болгондуктан, жашыбызды сураганда жагымдуу маанай калтыргандай жооп уккубуз келет.

Эстеп жүрүңүз: качан сиз денелик, моралдык жана эмоционалдык жактан жакшы жана жаш сезгенде гана, айланадагылар да ошондой кабыл алышат.

Биздин жашоо образыбыз организмибиздин карылык процессине маанилүү ролду ойнойт. Эгер сиздин курбуңуз 40 жашында 20 жаштагыдай жаш көрүнсө, демек, ал эң туура эрежелер менен жашап жаткан болот.

Бир чети болбогон нерсе жок жана сиз азыртадан баштап карылык менен күрөшө баштаңыз. Бул үчүн биздин кеңештерди колдонуңуз:

  • үзгүлтүксүз түрдө тамактарга томаттарды кошуп жеңиз. Анткени бул азык жашартуучу касиетке ээ;
  • Бир түгөй менен бат-бат болуп туруучу сапаттуу секс организмди 2 жаштан 8 жашка чейин жашартат;
  • Таза абадагы 30 мүнөттүк сейилдөө, келбеттин жаштыгын сактаганга жардам берет;
  • Жумасына 30 мүнөт денеге күч келтирүү, денени чыйралтып, калыбына келтирет;
  • Күн сайын, кичинекей өлчөмдө шоколад жеген абдан пайдалуу жана узак жашоонун бирден бир жолу;
  • Азыктарга жалаң гана жакшы, сапаттуу майларды кошуп колдонуу-жашарууга өбөлгө түзөт;
  • Ар дайым түркүн мөмөлөрдөн жеп туруу-сулуулуктун сырынын ачкычы;
  • Жаңгактын каалаган түрүнөн күнүнө 30 граммдан колдонуп туруу, адамдын өмүрүнө өмүр кошот;
  • Сууга кайнатылып, демделип же бууга бышкан балык менен азыктануу, биринчиден жаштыкты сактаса, экинчиден адам өмүрүн узартуучу алгачкы кадамдардан болуп саналат;
  • Организм муктаж болгон витаминдер менен азыктануу, бизди бир канча жашка кичүү көрсөтөт;
  • “Күлкү –ден соолуктун мүлкү” демекчи, күлкү жалындуу жаштыктын, узак өмүрдүн булагы болуп эсептелет;
  • Фолий кислотасы бар витаминдерди же курамында аталган кислота кирген азыктарды колдонгон айым өз курагынан бир топ жаш көрүнөт;
  • Күн сайын В6 витаминин колдонуу — чың ден соолуктун сыры;
  • Кальцийге бай азыктар абдан пайдалуу;
  • Оозду таза кармоо жана стоматологго 6 айда бир барып туруу–карылык менен күрөшүүчү алмашкыс курал;
  • Ар дайым эртең мененки ичилген тамак – узак өмүрдүн, сулуулуктун, жаштыктын ачкычы;
  • Колду микробдордон таза кармоо — саламаттыгыңыздын кепилдиги;
  • Уйкуну кандыруу (айымдарга жок дегенде — 7 саат, мырзаларга – 8 саат), 3төн 12 жылга жаш боюнча калуунун камы;
  • Катуу стресс ден соолукка кооптуу. үч жолу катуу стресске кабылган адамдын өмүрдү 2-3 жылга кыскарат;
  • Салмакты бир калыпта сактоо (айымдар үчүн идеалдуу болуп, 18 жашындагы салмагын сактап калуу, ал эми мырзалар үчүн 21 жашындагы салмагы) — 6 жаштан өйдө жаштыкты сактайт;
  • Туздуу, ачуу, кургак, таттуу тамактарга берилип кетүү коркунучунан алыс болуңуз. Ошондой эле күнүнө түшкүсүн же эртең менен суюк тумак ичкенди адатка айлантыңыз. Адатта студенттердин күнүмдүк рационуна кирген куурулган майлуу картөшкө, жумурткаларды бат-бат колдонбоңуз;
  • Жан дүйнөңүз каалаган спорттун түрү менен машыгыңыз;
  • Жеке жашоодо сүйүүнүн болушун көзөмөлгө алыңыз, сүйүнүчтүү эмоциялар дайыма сизди коштоп жүрсүн.

Биз түзгөн тизмени кылдаттык менен окуп чыккандан кийин, жок дегенде 5 кеңешти аткара турган болсоңуз, жалпысынан 5-8 жылга өмүрүңүздү узартып, жаш келбетиңизди сактап калаарыңызга ишене бериңиз.

Күчтүү алкоголдук ичимдиктен жана эң негизгиси чылымдан баш тарткан болсоңуз, жаштыктын доорунда жашап жатканыңызды сезесиз. Анткени, чылым адамдын ден соолугунун бардык бөлүгүн кооптондуруп, өмүрүн 10 жылдан 20 жылга чейин кыскартып, секске болгон жөндөмдүүлүгүнөн арылтат. Чылым чеккен адам сыртынан жаш көрүнгөн күндө да, биологиялык жактан бат картайып кетери чындык.

Эми эмнеден же кайсы кеңештен башташ керек? Албетте, эң жөнөкөйүнөн. Бул: 1) эртең мененки тамактануу, 2) күн сайын сейилдөө, 3) тамактанууда томатты колдонуу, 4) уйкуну кандыруу жана 5) секс.

Бул беш эрежени колдонуп, жарым жылдан кийин таасирин байкай аласыз. Ал эми бардык эрежелерди көзөмөлгө ала турган болсоңуз, бир-эки жылдан кийин таасирине баа берип, көрктөнгөн бакубат жашооңузду сезесиз. Эң башкысы өмүрүңүз 7ден 15 жылга чейин узарышы мүмкүн экенин түшүнөсүз. Жакшы адаттар – организмдин картайышы менен күрөшүүчү эң сонун курал. Эсиңизде болсун, организм 25 жаштан баштап картаюу процессине өткөндүктөн, биз айткан эрежелерди кармай билсеңиз, таасирин бат байкай аласыз.

Булак: Гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу