Жаштардын чачы эмнеге агарат?

“Дарыгерлер чачтын агаруусу тукум куучулук белги деп эсептешет. Албетте, экологиянын да байланышы болушу мүмкүн”,-деп билдирет “seihun.info” маалымат булагы.

Катуу убайым тартканда да нерв системасына таасир берип чач агарышы мүмкүн. Анын себептери көп. Маалымат технологиялары (компьютер, телевизор, уюлдук телефон ж.б.у.с) жана табигый эмес заттар (желим ж.б) радиация бөлүп чыгарт. Анын кесепетинен да чач агарып, түшө баштайт.

Ошону менен бирге, түрдүү химиялык боёктор да таасир берет экен. Кыздар сулуу болуш үчүн чачтарын боёшот, акыркы убактарда жигиттер да калышпай келишет. Ал эми жаңыдан жетилип келе жаткан чачты убактылуу кооз кылган менен эрте агарып калуусуна себепчи болот дешет дарыгерлер.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу