“ЖАШОО АВТОУНАА ЭМЕС ШООПУР АКЕ!”

Жашоо автоунаа эмес шоопур аке! Мындай пикирин окурман “Элдик пикир” рубрикасына калтырган.  “Элдик пикир” рубрикасына окурмандардан келип түшкөн  кайрылуу, ой-пикирлер редакциянын көз карашын билдирбейт.

Бүтүндөй СССРди титиретип башкарган Иосиф Сталиндин: “Кадрлар баарын чечет” деген кеби бар. Ырасында кадр маселеси жагынан Кыргызстан алдына өлкө салбайт. Анткени биздин мамлекетте кесипкөйлүк эмес, коңшу, өз киши деген нерсе калыптанып калган. Маселен өлкө башчынын шоопуру Президенттин жардамчысы, кеңешчисине чейин барып, көзгө көрүнөрлүк бир дагы иш кылган жок.

Тескерисинче бизнесин гүлдөтүп анча мынча саясий кызматкерлерди этегине намаз окуттурганга жетишти. Эми кечээ жакында Кыргызстандын көк бөрү федерациясын жетектеп алып, кыйратып иш алып бара алган жок. Анысы аз келгенсип Казакстанда өткөн дүйнөлүк  көк бөрү чемпионатында биринчиликти Казакстан өлкөсүнө алдырып жибергендиги тууралуу аңыздар желдей тарады.

Шоопур Илмияновдун көк бөрүчү жигиттерге дем бергендин ордуна оюнда чеберчилик менен ойногула баары сүйлөшүлгөн деп айтып жаткан видеосу жалпы журтка тарап, көпчүлүк элдин кыжырын кайнатууда. Албетте шоопур акенин акча алып, сатылып жаткандагын колунан кармап албагандан кийин күнөөлөө кыйын бирок, бүгүг жеке мен утулганыбызга капа болгон жокмун, өкүнбөйм деп жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине божураптыр, кысталактыкы.

Бүтүндөй кыргыз эли баш чайкап көк бөрүдөн утулганына жаман болуп атса сүйүнгөн Илмияновдун сатылды деген аңыздарга өзү эле ооба эмне кылып аласыңар деген тейде  каймана жооп бергени ого бетер, адамдын жинин келтирет эмеспи. Кайра кайтчу жолдор бар дегендей баягы айдоочулук кесипти кайра аркалай турган учур да келет, жашоо бумеранг экенин унутпаса, ар бир кылганы үчүн эртең ар бир кыргыздын алдында жооп берчү учур да келет. Анткени, түн артынан сөзсүз таң атат…

Автор: Нурлан Асанбеков

Булак: kaganat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу