Жашооңузду жеңилдеткиңиз келсе…

ХХІ кылымда өмүр сүрүү — эң сонун мүмкүнчүлүк. Анткени каалаганыңызга оңой кол жеткире аласыз. Лайфхак тууралуу буга чейин уккан чыгарсыздар. Ал максатыбызга аз убакыт жумшоо аркылуу жакшы натыйжага жетүүгө негизделген. Аны адамдардын жалкоолугунун аркасында жаралган десек, жаңылышпайбыз.

Биз да жалкоо жандарды жактырбайбыз, бирок ошентсе да убакытты үнөмдөөгө пайдасын тийгизер деген ниет менен лайфхактын бир нече түрүн сунуштамакчыбыз.

Телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда адамдын ысымын милдеттүү түрдө сураңыз. Анын ысымын билгенден кийин сурооңузду ээсине багыттай аласыз. Муну менен катар, бул ишенимге кирүүгө жардам берет.

Спагетти таякчасын үйдө жарык өчкөн кезде колдонсоңуз болот. Анын май шамды алмаштыруучу касиети бар.

Оңой кийилген бут кийимди жумушка алып келип, үстөлдүн акыркы тартмасына сактап коюңуз. Бул ыңгайсыз бут кийимди убактылуу чечип, энергияңызды үнөмдөөгө жардам берет.

Бут кийимди алмаштыргандан кийин кеңсенинин ичинде бир аз убакыт сейилдеңиз. Эгер жыйналыш башталса, болгону 1 мүнөт ичинде кооз бут кийимиңизди кийип аласыз.

20 мүнөттөн кийин сүйүктүңүз менен кездешүүгө барышыңыз керек. Ал эми тырмагыңыздаргы маникюруңуз кургабай жатса. Мындай учурда манжаларыңызды муздак суу куюлган идишке 3 мүнөт салыңыз. Ушундайча тырмактагы маникюр тез кургап, кездешүүгө жетишиңиз мүмкүн.

Ар дайым смартфонго арналган зарядагычты алып жүрүңүз. Аны кошуучу жер милдеттүү түрдө табылат.

Жалпайып калган жаздыгыңызды мурунку калпына келтиргиңиз келсе, күн жакшы тийген жерге 30 мүнөт коюңуз.

Эгер бирөөгө смсти жаңылышып жиберип койгон болсоңуз, дароо телефонуңуздагы «пилот режимин» кошуңуз. Ал кезде желе жакшы иштебей калгандыктан, кат жетпей калат.

Кыска толкундуу меш тамактын четки бөлүгүн жакшы жылыткандыктан, тамакты тарелканын ушул бөлүгүнө орноштурууга тырышыңыз.

БУЛАК:.zaman.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу