Жашоого керектүү кеңештер…

Күрүч кошулган тамакты көп жеңиз.

Адамдарга алардын күткөнүнөн көбүрөөк бериңиз жана аны жан дүйнөңуз менен жасаңыз.

Жаныңызга жаккан ырды жаттап алыңыз.

Уккандын баарына ишене бербеңиз, өзүңүздө бардын барын жумшай бербеңиз, чарчаганча уктабаңыз. Көргөн түшүңүздү жокко чыгарбаңыз.

Күрөшүңүз адилеттүү болсун, душманыңыздын жарыгына тийбеңиз.

Адамдарды туугандарына карап баалабаңыз.

Тез ойлонуп, шашпай сүйлөңүз.

Бирөө чүчкүргөндө, ден-соолук тилеңиз.

Жеңилсеңиз, андан сабак алыңыз.

Мына үч нерсени унутпаңыз:

Өзүңүздүү урматтоону,

Өзгөлөргө урмат менен кароону,

Өз ишиңизге жоопкерчиликтүү кароону. Чоң достукту кичинекей түшүнбөстүктүн бузуусуна жол бербеңиз.

Катачылык жасап алганыңызды түшүнгөн кезде аны оңдоого болушунча тезирек киришиңиз.

Телефон менен сүйлөшкөндө жылмайып туруңуз, коңгуроо чалган адам аны сиздин добушуңуз аркылуу сезет.

Өзгөрүштөрдү кабылдап, өз баалуулуктарыңыздан баш тартпаңыз.

Кээде унчукпай коюунун өзү-жооп.

Китепти көбүрөөк окуп, сыналгыга азыраак караңыз.

Өмүрүңүз жакшы жана адилеттүү болсун. Карыган чакта арты карап кылчайып, жашооңуздан ырахат аласыз.

Өз үйүңүздө жакшы маанайдын болушу өтө маанилүү.

Үйүңүз тынч жана жайлуу болуш үчүн болгон күчүңүздү жумшаңыз.

Өткөн-кеткенди каза бербеңиз.

Окуган сөздөрдүн маанисине да көңүл бөлүп үңүлүңүз.

Билимиңиз менен бөлүшүңүз. Бул –түбөлүктүүлүктүн жолу.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу