Чындап жашарта турган маска. 25 жаштан баштап колдоно берүүгө кеңеш беребиз.
— 100 мл каймак
— 1 жумуртка сарысы
— 1 аш кашык бал
— 2 аш кашык коньяк
— 1 аш кашык лимон ширеси
Бардыгын аралаштырып, бетиңизге 1 саатка сүйкөп коёсуз.
Бул маска бетти тегиздеп, баркыт сыяктуу жумшартып, бир аз агартат. Артып калган масканы, муздаткычта айнек идишке салып сактоого болот.
Булак:zaman.kg