Жасалма кирпиктин зыяны тууралуу билесизби?

Жасалма кирпик жабыштыруу – азыркы күндүн башкы тренддеринин бири. Тегерегиңизге карасаңыз, эки кыздын биринен узун кирпикти байкасаңыз болот. Бирок сулуулук үчүн жасалган бул кадамдын тийгизген зыяны тууралуу кыздар билеби?

Жасалма кирпик жабыштыруунун бир пайдасы күн сайын косметика менен боёнунун кереги жок, аз дегенде бир ай ошол кирпик менен жүрүүгө болот.

Ошентсе да, кирпик улаган кезде төмөндөгү 3 кеңешти көңүлдөн сырткары калтырбаңыз:

Жасалма кирпик сурманын терисине олуттуу зыян келтирет. Эгер кирпик өстүргөн адамдын клейи сапатсыз болсо, тери сезгенип, шишип кетиши мүмкүн. Муну алдын алуу үчүн кирпикти өстүрбөй туруп, салон кызматкери кандай каражаттарды колдоноорун изилдеш керек. Алардын сапатты өтө жогору болгону маанилүү. Кирпик өстүргөн адистердин өтө арзан сунуштарынан баш тарткан оң.

Табигый кирпиктерибиздин түшүүсү калыптуу жагдай. Ал да башыбыздагы чач сыяктуу маал-маалы менен жаңырып турат. Орточо эсеп менен табигый кирпиктин убактысы 200 күн, андан кийин ордуна жаңы кирпик өсөт. Ал эми жасалма кирпик өстүргөн кезде алардын убактысы кыскара берет. Өзгөчө көлөмдүү кирпикти жабыштырганда табигыйлары тез «чарчайт».

Жасалма кирпиктен өзүңздүн кирпиктериңиздин зыян чегери айдан анык. Ал өзгөчө адистин өз ишин начар билгендиктен жана кирпикти өзүңүз алып таштаган болсоңуз эки эсе түшөт. Ошол себептен жасалма кирпикти жабыштырган кезде билимдүү жана кесипкөй адиске жасатууга аракет кылыңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу